+996 (312) 61 46 34
+996 (312) 98 67 68
+996 (558) 98 67 68
+996 (701) 98 67 68
+996 (777) 98 67 68
+996 (312) 61 45 88

  • Камсызданды- руу эсепкери
  • Кырсык учурунда комиссарды чакыруу
  • Камсыздандыруу агентини чакыруу
  • Камсыздандыруу агентердин реестри
  • Каттоо реестринин полиси

Компания жөнүндө

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

“Ингосстрах” Жабык Камсыздандоо Акционердик Коому 1996-жылы уюшулган. 20 жыл аралыгында  “Ингосстрах” камсыздандыруу боюнча сапаттуу кызматтарды сунуштоо менен Кыргыз Республикасынын аймагында лидер компания катары таанымал.

ЖКАК “Ингосстрах” кыргызстандык юридикалык жак болуп саналат жана “Ингосстрах” (Москва, Россия) камсыздандыруу компаниясы менен биргелешкен ишкана, ошондой эле “ИНГО”  Эл-Аралык Камсыздандыруу Тобунун мүчөсү болуп эсептелет. Учурда Топто 12 компания бар, алар: СПАО “Ингосстрах” (Россия); САО “ИНГО-Өзбекстан” (Өзбекстан); ЗСАО “Ингосстрах” (Беларусь); СЗАО “ИНГО Армения” (Армения); САО “ИНГО- Өзбекстан” (Өзбекстан) жана башкалар. “ИНГО” тобунун суммардык капиталы 900 млн. дон ашык АКШ долларын түзөт. Группанын алкагында бирдиктүү жогорку стандарттардагы камсыздандыруу кызматтардын сапатын негиздөөдө жана ар кандай бизнес-долбоорлорду координациялоодо чогуу иш алып барылат. Бул өз кезегинде, ишенимдүү кайра камсыздандыруунун камсыз кылып, биздин кардарларга жагымдуу программаларды жана камсыздандыруу продуктуларын  сунуштайт.

ЖКАК “Ингосстрах” Кыргыз Республикасында иштеп жаткан камсыздандыруу компанияларынын ичинен жогорку төлөнгөн уставдык капиталга ээ. ЖКАК “Ингосстрах” өздүк капиталы 213,4 млн. сомду тузүп, анын ичинде уставдык капитал 118,1млн. сомду түзөт.

“Ингосстрах” бүгүн:

Бул улуттук эң ири камсыздандыруучу, профессионалдардан турган командасы бар универсалдуу камсыздандыруу компаниясы, бул - биздин кардарлардын  кез келген талаптарын канааттандырган камсыздандыруунун жана кайра камсыздандыруу кызматынын 40 түрү жана продуктулары.

Суйүктүү ишибизге кесипкөй мамиле кылуу, камсыздандыруу рыногун таанып билүү жана ишти уюштура билүүнүн жолго коюлган түрү, мындан кийин да  компаниянын гүлдөп өнүгүшүнө түрткү болот.

ЖКАК “Ингосстрах” миссиясы

Адамдарга коркунучтарды башкарууну үйрөтүү жана алардын финансылык кесепеттерин минималдаштыруу. Эртеңки күнгө ишенимди жана финансылык коргоону камсыз кылуу.

ЖКАК “Ингосстрах” максаты

Ишенимдүү, жоопкерчиликтүү өнөктөш лидерлик позициясын жана статусун кармап туруу.