+996 (312) 61 46 34
+996 (312) 98 67 68
+996 (558) 98 67 68
+996 (701) 98 67 68
+996 (777) 98 67 68
+996 (312) 61 45 88

  • Камсызданды- руу эсепкери
  • Кырсык учурунда комиссарды чакыруу
  • Камсыздандыруу агентини чакыруу
  • Камсыздандыруу агентердин реестри
  • Каттоо реестринин полиси

КАК “Кыргызинстрах” 2015-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

КАК “Кыргызинстрах” 2015-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы

Биздин камсыздандыруу компаниябыздын финансылык-экономикалык көрсөткүчтөрү, ишмердигибиздин жетишээрлик ийгиликтүу экенин далилдеп турат. КАК “Кыргызинстрах” 2015-жылдагы негизги финансылык көрсөткүчтөрү өткөн жылдын көрсөткүчтөрүнөн бир топ жогору..

Отчеттук мезгилде компания камсыздандыруунун милдеттүү жана ыктыярдуу түрлөрү боюнча 6,1 миңдин тегерегиндеги камсыздандыруу келишимин түздү.

Компаниянын чогулткан камсыздандыруу премияларынын көлөмү 513,6 млн сомду түзүп, Кыргыз Республикасындагы 17 камсыздандыруу компанияларынын жалпы камсыздандыруу төлөмдөрүнүн 55 пайызын түздү.

КАК “Кыргызинстрах” мына ушундайча Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу рыногунда лидерлик позициясын карманып келүүдө.

Компаниянын портфелинин структурасы төмөнкүчө түзүлгөн:

- Мүлктүк камсыздандыруулар – 429,2 млн. сом (85,5%);

- жоопкерчиликти камсыздандыруу – 36,1 млн. сом (7%);

- жеке камсыздандыруу – 10,4 млн. сом (2,1%);

- камсызандыруунун милдеттүү түрлөрү – 37,9 млн.сом (7,4 %).

Сборы2015

Камсыздандыруу компаниясынын төлөө мүмкүнчүлүгүн жана  финансылык туруктуулугун камсыз кылуу максатында, Камсыздандыруу портфелинин коопсуздугун коркунучтарды кайра камсыздандырууга берүү аркылуу коргоо 86,7% түздү.

 

КАК “Кыргызинстрах” өзүнүн кардарларынын алдындагы милдеттемелерин өз убагында аткарат. 2015-жылы компания камсыздандыруу суммасынын талаптарына 10,2 млн сом төлөп берди. Анын ичинен:

- жеке камсыздандыруу боюнча: 2,1 млн. сом​;

- мүлктү камсыздандыруу боюнча: 6,5 млн.сом​;

- жоопкерчиликти камсыздоо боюнча: 1,6 млн. сом.

Выплаты 2015

Кардарлардын алдындагы милдеттемелерин аткаруу, ишкананын төлөө мүмкүнчүлүгү жогору экендигин, коркунучтарды кайра камсыздандыруулардын натыйжалуу экендигин жана компаниядагы ишке ашырылып жаткан менеджменттин сапаттуу жүргүзүлүп жаткандыгын тастыктайт.

КАК “Кыргызинстрах” өлкөнүн камсыздандыруу тармагын өнүктүрүүдө активдүу турмуштук позицияны карманат. Ошондуктан, биздин компания 2015- жылы мамлекеттик бюджетке 34,7 млн сом которгон.


Артка