+996 (312) 61 46 34
+996 (312) 98 67 68
+996 (558) 98 67 68
+996 (701) 98 67 68
+996 (777) 98 67 68
+996 (312) 61 45 88

  • Камсызданды- руу эсепкери
  • Кырсык учурунда комиссарды чакыруу
  • Камсыздандыруу агентини чакыруу
  • Камсыздандыруу агентердин реестри
  • Каттоо реестринин полиси

ЖКАК “Ингосстрах” 2018- жарым жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

ЖКАК “Ингосстрах” 2018- жарым жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы

Биздин камсыздандыруу компаниябыздын финансылык-экономикалык көрсөткүчтөрү, ишмердигибиздин жетишээрлик ийгиликтүу экенин далилдеп турат. ЖКАК “Ингосстрах” 2018 - жарым жылдагы негизги финансылык көрсөткүчтөрү өткөн жылдын көрсөткүчтөрүнөн бир топ жогору..

Отчеттук мезгилде компания камсыздандыруунун милдеттүү жана ыктыярдуу түрлөрү боюнча 5 500 тегерегиндеги камсыздандыруу келишимин түздү.

Компаниянын чогулткан камсыздандыруу премияларынын көлөмү 73,54 млн. сомду түзүп, Кыргыз Республикасындагы 17 камсыздандыруу компанияларынын жалпы камсыздандыруу төлөмдөрүнүн 25,2% пайызын түздү.

ЖКАК “Ингосстрах” мына ушундайча Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу рыногунда лидерлик позициясын карманып келүүдө.

 

Кардарлардын алдындагы милдеттемелерин аткаруу, ишкананын төлөө мүмкүнчүлүгү жогору экендигин, коркунучтарды кайра камсыздандыруулардын натыйжалуу экендигин жана компаниядагы ишке ашырылып жаткан менеджменттин сапаттуу жүргүзүлүп жаткандыгын тастыктайт.

Камсыздандыруу компаниясынын төлөө мүмкүнчүлүгүн жана  финансылык туруктуулугун камсыз кылуу максатында, Камсыздандыруу портфелинин коопсуздугун коркунучтарды кайра камсыздандырууга берүү аркылуу коргоо 51.43% түздү.

ЖКАК “Ингосстрах” өзүнүн кардарларынын алдындагы милдеттемелерин өз убагында аткарат. 2018- жарым жылы компания камсыздандыруу суммасынын талаптарына 4,47 млн сом төлөп берди. Анын ичинен:

- жеке камсыздандыруу боюнча: 1,03 млн. сом;

- мүлктү камсыздандыруу боюнча: 3,21 млн. сом;

- жоопкерчиликти камсыздоо боюнча: 0,22 млн. сом.

ЖКАК “Ингосстрах” өлкөнүн камсыздандыруу тармагын өнүктүрүүдө активдүу турмуштук позицияны карманат. Ошондуктан, биздин компания 2018- жарым жылда мамлекеттик бюджетке 6,84 млн сом которгон.

ЖКАК “Ингосстрах” кыргызстандык юридикалык жак болуп саналат жана “Ингосстрах” (Москва, Россия) камсыздандыруу компаниясы менен биргелешкен ишкана, ошондой эле “ИНГО”  Эл-Аралык Камсыздандыруу Тобунун мүчөсү болуп эсептелет. Учурда Топто 12 компания бар, алар: СПАО “Ингосстрах” (Россия); САО “ИНГО-Өзбекстан” (Өзбекстан); ЗСАО “Ингосстрах” (Беларусь); СЗАО “ИНГО Армения” (Армения) жана башкалар. “ИНГО” тобунун суммардык капиталы 1 млрд. дан ашык АКШ долларын түзөт. Группанын алкагында бирдиктүү жогорку стандарттардагы камсыздандыруу кызматтардын сапатын негиздөөдө жана ар кандай бизнес-долбоорлорду координациялоодо чогуу иш алып барылат. Бул өз кезегинде, ишенимдүү кайра камсыздандыруунун камсыз кылып, биздин кардарларга жагымдуу программаларды жана камсыздандыруу продуктуларын  сунуштайт.


Артка