+996 (312) 61 46 34
+996 (312) 98 67 68
+996 (558) 98 67 68
+996 (701) 98 67 68
+996 (777) 98 67 68
+996 (312) 61 45 88

  • Камсызданды- руу эсепкери
  • Кырсык учурунда комиссарды чакыруу
  • Камсыздандыруу агентини чакыруу
  • Камсыздандыруу агентердин реестри
  • Каттоо реестринин полиси

Авиа жоопкерчилик камсыздандыруу

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Ар бир Аба кемеси эң жогорку чектеги коркунучтун булагы болуп эсептелет. Аны эксплуатациялоо, үчүнчү жактардын денесине жаракат келтирүү же алардын мүлкүнө зыян келтирүү коркунучу менен коштолгон.

Адам баласы ар дайым эле айлана-чөйрөгө, коркунучтун булагы эмне болорун алдын ала сезүүгө жөндөмдүү эмес. Мисалы: аба транспорт каражаты жарылууга дуушар болгон кезде, үчүнчү жактарга, анын калдыктарынан жана андан кулап түшкөн нерселерден улам зыян келиши мүмкүн, мына ушундай жагдайлардан улам, дүйнө жүзүндө, авиаташуучулардын жоопкерчилигин камсыздандыруу кабыл алынган.

Эмнелер камсыздандырылышы мүмкүн:
  • Үчүнчү жактардын өмүрүнө, ден-соолугуна жана мүлкүнө зыян келтирүүдөгү жоопкерчилик;
  • Жүккө мүлктүк зыян, жүргүнчүнүн көтөрмө жүгүнө, багажга зыян келгендеги жоопкерчилик;
  • Жүргүнчүлөрдүн өмүрүнө жана ден-соолугуна зыян келтирүүдөгү жоопкерчилик.
Кандай окуялардан  жоопкерчиликти  камсыздандырууга болот:
  • Камсыздандырылган аба кемесинин кесепетинен улам, үчүнчү жактардын өмүрүнө, ден-соолугуна жана мүлкүнө зыян келген учурдагы чыгашалар;
  • Камсыздандырылган аба кемесинин жерге конууда, абадагы жүк ташууда, же болбосо аба кемесинен жерге түшүп жаткан мезгилде жүргүнчүлөрдүн денесине залал келип же өлүмгө учураган мезгилдерде компенсация төлөөгө кеткен чыгымдарды;
  • Катталган багаждын, жүктүн жок болуусунда, жоголуп кетүүсүндө жана зыянга учурашында, ошондой эле жүргүнчүнүн көтөрмө жүгү жок болуусунда,  жоголуп кетүүсүндө жана зыянга учурашында төлөнүп берилген компенсацияларды.
Камсыздандыруу мезгили:
  • Аба аркылуу жүк ташыган мезгилдеги;
  • Аба кемесин кондуруу жана андан чыгуу мезгилиндеги.
Эмне үчүн бизди тандашыңыз керек:
  • ”Ингосстрах” камсыздандыруу рыногунда 22 жылдан бери иш алып баруудагы;
  • ”Ингосстрах” жыл сайын башка камсыздандыруу компанияларынын арасынан Лидер катары таанылууда;
  • ”Ингосстрах” камсыздандыруу төлөмдөрүн кыска мөөнөттө жүргүзөт;
    • Сизге, Сизде жаралган баардык суроо-талаптарды жөнгө салууга баардык күч аракетин жумшаган, атайын жекече менеджер бекитилип берилет.

 

 

Төмөндөгү форманы толтуруу менен биздин адистин сизге телефон чалуусун тапшырык кылсаңыздар болот: