+996 (312) 61 46 34
+996 (312) 98 67 68
+996 (558) 98 67 68
+996 (701) 98 67 68
+996 (777) 98 67 68
+996 (312) 61 45 88

  • Камсызданды- руу эсепкери
  • Кырсык учурунда комиссарды чакыруу
  • Камсыздандыруу агентини чакыруу
  • Камсыздандыруу агентердин реестри
  • Каттоо реестринин полиси

КАСКО камсыздандыруу

Юридикалык жактар үчүн автопарктарды камсыздандырууда компаниянын карамагындагы транспорт каражаттарына байланыштуу бардык коркунучтарды өзүнө камтыйт.

Эмнелер камсыздандырылышы мүмкүн:
  • Автоунаа каражаттарынын жеңил, жүк ташуучу жана башка түрлөрү;
  • Кошумча жабдыктар. Кошумча жабдыктар катары автоунаанын завод даярдоочу тарабынан комплектациясына кирбеген жабдыктар же болбосо тараптар тарабынан өз ара макулдашуу аркылуу кошумча жабдыктар деп табылган жабдыктар кирет.
Кандай коркунучтардан автоунаа каражатын коопсуздоого болот:
  • Жол-автоунаа кырсыктарынан (ДТП);
  • Өрттөн;
  • Күтүлбөгөн жагдайда ыргып келип тийүүдөн же басып калуудан зыян келген учурда;
  • Жаратылыш кырсыктарынан;
  • Кимдир бирөөлөрдүн карасанатайлык аракеттеринен;
  • Айдап качуудан.
“Ингосстрах” төлөп берет:
  • Кардар тарабынан зарыл болгон учурда жана максаттуу камсыздандырылган автоунаа каражатын зыян келүүдөн алдын алуу же болбосо зыянга учуроонун деңгээлин азайтуу учун белгиленген өлчөмдөгү сарпталган чыгымдарын;
  • Эгерде өзү жүрбөсө, зыянга учураган автоунаа каражатын жакынкы аралыктагы оңдоп-түзөөчү жайга жеткирип баруу чыгымдарын;
  • Оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү үчүн тетиктерди жана керектүү материалдарды сатып алуу жеткирүүгө кеткен чыгымдарды таңгактап берүү, бажы төлөмдөрү  жана салыкты эске алуу менен;
  • Камсыздандырууда да каралган жагдайларда зыянга учуроодо, кайра калыбына келтирүү үчүн сарпталган каражаттарды, колдонулган технологияларды,  тетиктердин наркын, материалдарды жана аткаруу жумушун эске алуу менен;
  • Оңдоп-түзөө учурунда ачыкка чыккан, калыбына келтирүүгө муктаж нерселер, кемчиликтерге кеткен чыгымдар, эгерде аталган камсыздандыруу учурунда  пайда болгон болсо жана иш кагаздары менен тастыкталса.
Эмне үчүн бизди тандашыңыз керек:
  • ”Ингосстрах” камсыздандыруу рыногунда 22 жылдан бери иш алып баруудагы;
  • ”Ингосстрах” жыл сайын башка камсыздандыруу компанияларынын арасынан Лидер катары таанылууда;
  • ”Ингосстрах” камсыздандыруу төлөмдөрүн кыска мөөнөттө жүргүзөт;
    • Сизге, Сизде жаралган баардык суроо-талаптарды жөнгө салууга баардык күч аракетин жумшаган, атайын жекече менеджер бекитилип берилет.

 

 

Төмөндөгү форманы толтуруу менен биздин адистин сизге телефон чалуусун тапшырык кылсаңыздар болот: