+996 (312) 61 46 34
+996 (312) 98 67 68
+996 (558) 98 67 68
+996 (701) 98 67 68
+996 (777) 98 67 68
+996 (312) 61 45 88

  • Камсызданды- руу эсепкери
  • Кырсык учурунда комиссарды чакыруу
  • Камсыздандыруу агентини чакыруу
  • Камсыздандыруу агентердин реестри
  • Каттоо реестринин полиси

К

Кайра камсыздандыруу келишими - тараптардын карым-катнашын (кайра камсыздоочу жанан кайра камсыздандыруучу) жана алардын укуктарын жана милдеттерин аныктаган юридикалык документ. Кайра камсыздоочу жана кайра камсыздандыруучунунталаш-тартыштарын соттук же арбитраждыктериштирүүдө негизги документ болуп саналат.

Кайра камсыздандыруу келишими – цедент(кайра камсыздандыруучу) жана кайра камсыздоочунун ортосунда түзүлгөн юридикалык (эки тараптуу) келишим. Мындай жагдайда биринчи тарап цедент(кайра камсыздандыруучу)коркунучтарды өткөрүп берүүгө, ал эми экинчи тарапкайра камсыздоочуаныкталган шарттарда кайра камсыздоого кабыл алууга милдеттеме алышат.

Кайра камсыздандыруу килеми - камсыздандыруу компаниясы (цедент кайра камсыздоочу) менен башка камсыздадыруу компаниясынын ортосундагы келишим. Ага ылайык кайра камсыздоочу шартталган сыйлык үчүн белгиленген мөөнөткө ( эреже катары 12 айга) так аныкталган коркунучтарды автоматтык турдө кайра камсыздоонумилдеттемесин моюнуна алат. Көбүнчө алдын ала белгилүү болгон пункттарга жүктөрдү ташып жеткирүүлөргө байланышкан кызыкчылыктар.

Кайра камсыздандыруу слипи - потенциалдуу камсыздандыруучуларга тийиштүү корунучтарды факультеттүү кайра камсыздандыруугакатышууну сунуштаган кайра камсыздандыруучу таркаткан документ. Слипте адатта төмөнкүлөр көрсөтүлөт: кайра камсыздандыруучунун юридикалык дареги, коркунучтун мүнөздөмөсү, камсыздандыруу суммасы, камсыздандыруунун (кайра камсыздандыруунун) шарттары, сыйлыктардын ставкалары, өткөрүп берип жаткан компаниянын өздүк кармап калуулары. Кайра камсыздандыруу боюнча чечим кабыл алуу үчүн,кайра камсыздандыруучуга коркунуч боюнча кез келген маалыматтарды сурап алуу укугу калтырылат. Эгерде кайра камсыздандыруучуучурдагы коркунучту кабыл алууга макул болсо, анда ал өзүнүн жоопкерчилигинин энчисин, аты-жөнүн коюп, слипти кайрадан кайра камсыздоочуга жөнөтөт.

Кайра камсыздандыруу цессиясы – мааниси. Цессия.

Кайра камсыздандыруу – кайталап камсыздандыруунун экономикалык мамилелеринин системасы. Мындай жагдайда камсыздоочу (цедент) коркунучтарды камсыздандырууга алууда, алар боюнча жоопкерчиликтин бир бөлүгүн (өзүнүн финансылык мүмкүнчүлүктөрүнүн эске алуу менен) макулдашылган шарттакамсыздандыруу портфелин түзүү, финансылык туруктуулукту жана камсыздандыруу операцияларынын рентабилдүүлүгүнарттыруу максатында башка камсыздандыруучуларга өткөрүп берет.

Кайра камсыздандыруучу комиссия - корунучтарды кайра камсыздандырууга өткөрүп берүүдө, өткөрүп берип жаткан компания өзүнүн пайдасына кармап калуучу премиянын бөлүгү.

Кайра камсыздандыруучу - коркунучту камсыздандырууга алган жана аны жарым-жартылай башка камсыздандыруу компаниясына кайра камсыздандырууга берген камсыздандыруучу.

Кайра камсыздоочу – кайра камсыздандыруу коркунучтарын кабыл алган камсыздандыруучу. Мааниси: Цессионарий. (Цессионер)

Камсыздандыруу агенти – аквизитор: потенциалдуу кардарларды камсыздандыруучу менен табыштырат же камсыздандыруучунун атынан же анын тапшырмасы мененкелишим түзгөн физикалык же юридикалык тарап.

Камсыздандыруу жоопкерчилигинин көлөмү – камсыздандыруу жагдайы, окуя, күтүлбөгөн окуя болгон кезде келтирилген зыянды калыбына келтирүу максатында камсыздандыруучуга камсыздоочу төлөп берген максималдуу сумма. Көбүнчө камсыздандыруу суммасы жок ( жоопкерчиликти камсыздоо) камсыздандыруу келишимдеринде колдонулат.

Камсыздандыруу окуясы - камсыздандыруу объектисине потенциалдуу мүмкүн болгон зыян келтирүү. Мааниси: камсыздандыруу жагдайы.

Камсыздандыруу акционердик компаниясы – акцияларды сатуунун негизинде акча каражаттарын борборлоштуруу аркылуу камсыздандыруу фондун уюштуруунун формасы. Рынок экономикасындагы камсыздандыруучунун кеңири таркаган тиби.

Камсыздандыруу - ар кандай алдын ала болжоого мүмкүн болбогон жагымсыз жагдайлардан жаралган чыгашаларды калыбына келтирүү,ошондой элежарандардын турмушунда жаралган ар кандай окуяларда аларга жардам берүү максатындаакча каражаттарын жана аны чыгымды жабууга пайдаланууну боюнча багыттуу фондторду түзүүнүн экономикалык категориясы – системасы формасы жана усулу.

Камсыздандыруу брокери - аквизитор: кардардын атынан камсыздандыруу компаниялары менен тобокелчиликтерди жабдуу боюнча сүйлөшкөн ошондой эле камсыздандыруу боюнча кеңештерди берген физикалык же юридикалык тарап.

Камсыздандыруу взносу - төлөнгөн камсыздандыруу кызыкчылыгы; мыйзамдын күчү мененже камсыздандыруу келишиминин негизинде камсыздандыруучуга камсыздоочу камсыздандыруу тобокелчилиги үчүн төлөм; тарифтик ставка, камсыздандыруу суммасы, камсыздандыруунун мөөнөтү жана башка факторлордо аркылуу аныкталат. Камсыздандыруучу тарабынан камсыздандыруу мамилелерине киргенде бир жолу аванс иретинде же болбосо бөлүп (мисал үчүн: ай сайын , квартал сайын)камсыздандыруунун баардык мөөнөтүндө төлөнөт. К.в. көлөмү камсыздандыруу полисинде чагылдырылат.

Камсыздандыруу взносун кайтарып берүү (сыйлыгын) – камсыздандыруунун шарттарына ылайык, же камсыздандыруу келишиминин тараптарынын өз ара макулдашуу менен камсыздоо ишке ашпаса, камсыздоочу төлөгөн камсыздандыруу взносун (сыйлыгын) камсыздандыруучу тарабынан толук жежарым жартылай кайтарылып берилүүсү.

Камсыздандыруу жагдайы - камсыздоочуну камсыздандыруучуга камсыздандыруу фондунун каражаттарынан төлөп берүүгө милдеттендирген анык түрдө башталган камсыздандыруу жагдайы. Өндүрүлүп жаткан төлөп берүүгө адатта камсыздадыруучунун аракеттенүүсү же аракетсиздиги (максаты), анын кыйратуучу же зыяндуу аракеттеринин кесепеттери камсыздандыруу жагдайынын аныктыгын алдын ала деталдуу изилдөө таасир этет.

Камсыздандыруу жагдайынын ыктымалдуулугунун деңгээли камсыздандыруу тарифтерин, сыйлыктардын ставкаларын, арзандатуулардын жана ага кошумчалардын ошондой эле камсыздандыруу компаниясынын камсыздандыруу операцияларынын туруктуулугун, жана анын финансылык туруктуулугун бекитүүгө негиз болот.

Камсыздандыруу жагдайынын ыктымалдуулугу - базадагы статистикалык маалыматтарда коркунучтардын пайда болуу ыктымалдуулугунжана жаралуу мезгилинин сандык баалоо, алардын пайда болуусунан улам камсыздандыруу төлөмдөрү төлөнгөн,камсыздандыруу жагдайы түзүлүшү мүмкүн.

Камсыздандыруу келишими - камсыздандыруучу менен камсыздоочунун ( көбүнчө келишим камсыздандыруу боюнча агенттин же брокердин ортомчулугу аркылуу) ортосундагы, алардын өз ара милдеттемелерин камсыздандыруунун аталган түрүнүн шарттарына ылайык жөнгө салуучумакулдашуу (юридикалык келишим). В. түзүлгөндүн күбөлүгү. Д. Камсыздоочу камсыздандыруучуга камсыздоо полисин берет.

Камсыздандыруу көзөмөлү - камсыздоочулардын ишмердигин көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган.

Камсыздандыруу кызыкчылыгы – камсыздоочунун камсыздандыруу жагдайы жаралган кездеги көтөрүүчү түз зыяны. Камсыздандыруу келишими боюнча, камсыздандыруу суммасы камсыздоочунун камсыздоо кызыкчылыгынан ашып кете албайт.

Камсыздандыруу кызыкчылыгы - камсыздандыруудагы материалдык кызыкчылыктын чеги. Камсыздандыруу полисинин шарттарында жана камсыздандыруу суммасында билдирилет.

Камсыздандыруу менен камсыз кылуунун системасы - камсыздандыруу боюнча калыбына келтирүүнүн ыкмаларынын эсеби:1) пропорционалдуу; 2) биринчи тобокелчиликтен; 3) чегине жеткен

Камсыздандыруу объектилери - өмүр, ден-соолук, жарандардын жумушка жарамдуулугу жеке камсыздандырууда; имараттар кошумча курулуштар, транспорт каражаттары, жүктү кеме аркылуу ташууда, коллекция,үй мүлктөр, ташылып жаткан жүктөр жана башка материалдык баалуулуктар- мүлктүк камсыздандырууда; үчүнчү жактарга (мисалы жогоркукоркунучтагы каражаттарды эксплуатациялоо учурунда) камсыздандыруучунун материалдык зыян келтирген учурдагы жарандык жоопкерчилиги -жарандык жоопкерчиликти камсыздандырууда.

Камсыздандыруу объектиси ;

Камсыздандыруу полиси - камсыздоочу тарабынан камсыздандыруучуга берилген камсыздандыруу келишиминин түзүлгөндүгү тууралуу күбөлүк жана анын шарттарын камтыган атайын үлгүдөгү акча документи. К.п. стандарттуу жана жеке үлгүлгүдөгүболуп бөлүнөт. Стандарттуу к.п. кеңири айланадагымассалык мүнөздөмөдөгү типтүү камсыздандыруу тобокелчиликтерине жазылып берилет. Жекече к.п. (мисал үчүн кино жылдыздарынын сырткы келбеттерин камсыздоо) жекече камсыздандыруу кызыкчылыктарын чагылдырган, көбүнчө профессионалдык карьерага байланыштуу. Баардык камсыздандыруу полистеринде спецификалык камсыздандыруу кызыкчылыктарын камтыган жана ага байланыштуу аракеттерде (мисал үчүн: камсыздандыруучунун мурас боюнча буйругу) келишимдин өзгөчө шарттары камтылышы мүмкүн. Камсыздандыруу полисинен түзүмүнө өзгөчө шарттарды киргизүү адатта камсыздандыруу сыйлыгына кошумча кылуу менен кошотолот, ал өз кезегинде абсолюттук же салыштырмалуу көлөм менен билдирилет.

Камсыздандыруу портфели - камсыздоочунун иштеринде документтер менен тастыкталган, камсыздандырылган объектилердин же камсыздандыруу келишимдеринин анык саны; аныкталган мезгилде (адатта бир жыл) камсыздоочу тарабынан кабыл алынган камсыздандыруу тобокелчиликтеринин жыйындысы.

Камсыздандыруу рыногу- камсыздандыруу боюнчаэкономикалык мамилелердин системасы. Камсыздоочулардын иштөөсүнүн экономикалык аймагы. Ийгиликтүү иштөө үчүн зарыл болгон шарттар: К.р. – маалымат жана уюштуруу рамкалары. Камсыздоочу баардык болгон камсыздандыруу кызыкчылыктарын, ал эми камсыздоочу тигил же бул камсыздандыруу келишимин түзүү мүмкүндүгү бар экендигин билүүгө тийиш. Бул камсыздандыруу укуктук мамилелердин катышуучуларынын бири бири менен байланышуусунун формасы. Тар мааниде к.р. камсыздандыруу коомдорунун жыйындысы. К.р. ишмердүүлүгү камсыздандыруу көзөмөл менен иреттелет.

Камсыздандыруу суммасы - материалдык баалуулуктар, жарандык жоопкерчилик, камсыздандыруучунун өмүрү жана ден-соолугу камсыздандырылган,камсыздандыруу кызыкчылыгына жана камсыздандыруу тобокелчилигине адекваттуу акчанын суммасы. Эл аралык камсыздандыруу тажрыйбасында к.с. камсыздандыруу жабдуусу деп аталат.

Камсыздандыруу суммасынын пайдасыздыгы - камсыздандыруу суммасы менен камсыздандыруу боюнча калыбына келтирүү төлөмдөрүнүн катышын мүнөздөгөн камсыздоочунун ишмердигинин экономикалык көрсөткүчү.

Камсыздандыруу сыйлыгынын депосу - келишимдин шарттарына ылайык, кайра камсыздандыруу келишими түзүлүп жаткан мезгилде кармалуучу сыйлыктын бир бөлүгү жана кайра камсыздандыруучуга таандыккелишимдин шарттарында белгиленген мөөнөттүн ичинде (эреже катары 1 жыл) кайра камсыздандыруучуга кайтарылып берилүүгө тийиш. Сыйлыктын аталган бөлүгү, кайра камсыздоочу тарабынан,кайра камсыздандыруучу, түзүлгөн келишимде көрсөтүлгөн өз милдеттерин кандайдыр бир себептерден улам аткаралбай калган жагдайда гана колдонулушу мүмкүн.

Камсыздандыруу талаасы - тийиштүу региондо камсыздандырууга камтыла турган объектилердин (мисалы автоунаалар) максималуу саны. Камтуунун пайызы аркылуу билдирилет. К.т. максималдуу камтуусу 100% чейин жетет.

Камсыздандыруу тобокелчилиги - камсыздандыруу жагдайынынболуусунун мүмкүндүгү. Камсыздандыруунун тигил же бул түрү боюнча, мүмкүн болгон камсыздоочунун жоопкерчилигинин көлөмүн билдирет. Статистикалык маалыматтарга, эмпирикалык жана ыктымалдуулук теориясынын негиздеринин маалыматтарынына ылайык аныкталат. К.Т.нын ишенимдүүлүгү экономико-математикалык ар кандай моделдеринин(актуардык эсептер) жардамы менен текшерилет. Камсыздандыруу фондунун көлөмүн аныктоодо олуттуу мааниге ээ.; камсыздандыруу жагдайы.

Камсыздандыруу фонду - камсыздоочулардын взносторунун эсебинен түзүлгөн материалдык жана акчалай резервдердин жана камсыздандыруучунун оперативдик- уюштуруучулук башкарууусундагы коомдук көбөйтүү элементтери. Камсыздандыруу кызыкчылыктары менен шартталган. Камсыздандыруу фондунун каражаттарынын бир бөлүгү ар дайым ликвидтик формада : депозит түрүндө банктарда, акция, биржада көрсөтүлгөн, мамлекеттик казыналык ж.б.у.с. милеттемелерде.

Камсыздандыруудагы диферсификация - ири камсыздандыруу коомдорун негизги ишкерчиликтин рамкасынан тыш кеңейтүү. Д. камсыздандыруу рыногунун структурасынын эң маанилүу түзүүчү бөлүгү. Камсыздоочунун ишмердигинин багыттары канчалык көп болсо, ошончолук Д. деңгээли жогору. Салыштырмалуу (ичке спекторлуу) Д.ны жанатиешеси жок (кең спекторлуу) Д.ны башкача айтканда камсыздандыруу коомунун негизги ишмердигине байланышы жок катары бөлүшөт.

Камсыздандыруудагы төлөнбөгөн чыгашалардын резерви - камсыздоочу тарабынанага билдирилген финансылык милдеттемелерин аткаруу үчүн түзүлгөн, бироказырынча чыгашалар төлөнбөгөн атайын фондтор.

Камсыздандыруудагы атаандаштык - камсыздандыруу рыногундагы энчи үчүнкамсыздоочулардын өз ара экономикалык атаандаштыгы. Өзгөчө пайдалуу конкреттүү камсыздандыруу же кайра камсыздандыруу келишимин түзүү. К.а. камсыздандыруучу менен камсыздоочунун ортосундагы экономикалык байланыштын формасы кызматын аткарат. К.а. Камсыздандыруучулардын болушу, камсыздандыруучуга камсыздандыруу келишимин тандоого мүмкүндүк берет. Ал эми тандоо мүмкүнчүлүгү К.а. аракеттенүүсүн күчөтөт.

Камсыздандыруудагы коммерциялык сыр - таратууда камсыздоочунун кызыкчылыктарына доо кетирүүчү анын ишмердиги тууралуу маалыматтар.Камсыздандыруу рыногунда атаандаштардан артыкчылык берип турган, камсыздандыруу коому үчун баалуу кез келген конфиденциалдуу, башкаруучулук, коммерциялык жана статистикалык маалыматтар.

Камсыздандырууну камтуунун көлөмү - мыйзамдарда же камсыздандыруу келишиминде каралган конкреттүү окуялардын тизмеги ( мисал үчүн: уурулук, өрт, жер титирөө ж.б.у.с.) жагдайлардын жаралуусунда камсыздоочу камсыздандыруучуга камсыздандыруу фондунун эсебинен төлөп берет.

Камсыздандырууну баалоо - камсыздандыруу максатында мүлктүн баасын аныктоо. К.б. практикасында өзүнүн чыныгы баасында колдонулат,айтылган баасынан, бирок камсыздандыруучу бекиткен чектен, базар баасынан ж.б. ашпаган. Туура к.б. үчүн камсыздоочу тарабынан зарыл богон учурда квалификациялуу эксперттер тартылат. К.б. боюнча маалымат тарифтик ставкаларды жана камсыздандыруу сыйлыктарын аныктоого баштапкы база катары кызмат аткарат.

Камсыздандыруунун наркы - камсыздандыруу объектисининнукура чыныгы наркы.

Камсыздандыруунун ордун толтуруу - камсыздандыруу фондусунан мүлктүк камсыздандырууда жана жарандык жоопкерчиликти камсыздандырууда камсыздандыруучунун үчүнчү жактардын алдындагы материалдык чыгашаларын жабуу үчүн төлөнүп берилген сумма. К.о.т. камсыздандыруу жагдайынын конкреттүү кырдаалына жараша жана келишимдин шарттарына ылайык камсыздандыруу суммасына тең же андан төмөн болушу мүмкүн (мисал үчүн фрашизанын болушу).

Камсыздандыруучу - камсыздандыруу фондун түзүү жана чыгымдоого жооптуу камсыздандырууну ишке ашырганфизикалык же юридикалык жак. К. уюштуруу формасы боюнча акционердик камсыздандыруу коомдору, өз ара камсыздандыруу коомдору, мамлекеттик камсыздандыруу ишканалары иш аткарышат. Рынок тибиндеги экономикада акционердик камсыздандыруу коомдору негизги камсыздандыруучулар болуп саналат.

Камсыздандыруучу төлөөгө тийиш эмес жоготуулар – адатта камсыздандыруучу камсыздандыруу шарттарында жабдылган эмес коркунучтардан улам жаралган чыгашалар, ошондой эле камсыздоочу атайлап аркеттенген учурларда жаралган чыгашалар боюнча жоопкерчиликтен бошотулат.

Камсыздандыруучунун арызы – камсыздандыруу келишимин түзгөнгө чейин, камсыздандыруучу баардык материалдык факторлордун мунөздөмөлөрүн же болбосо өзүнүн ишмердигинен улам ага белгилүү болгон жана камсыздоого алуу боюнча же коркунучту четке кагуу боюнча камсыздоочунун чечимине, сыйлыгынын адекваттуу ставкасын таасир берүүчү ж.б.у.с. тууралуу камсыздоочуга арыз берүүгө милдеттүү.

Камсыздандыруучунун жоопкерчилигинин түрү.

Камсыздандырылуучунун күнөөсү - камсыздандырууда камсыздандырылуучунун одоно же атайын жазаган күнөөсүн, абайсыздыктан жазаган күнөөсүнөн таанып билүү кабыл алынган нерсе. Камсыздандырылуучунун одоно катасы, камсыздоочу үчүн камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөп берүүдөн же чыгашанын мүнөзүнө жана көлөмүнө карап компромисстик негизде төлөмдөрдөнбаш тартууга жетиштүү негиз болуп бериши мүмкүн. Камсыздандырылуучунун абайсыздыгынан же абайлап сактай албагандыгынан улам, эгерде анын аракеттери олуттуу кесепеттерге алып келбесе, камсыздоочу тарабынанкамсыздандыруу боюнча калыбына келтирүү төлөмдөрүн кароодо кечиримдүү жагдай катары каралышы мүмкүн.

Камсыздоочу - камсыздоо кызыкчылыгын билдирген жана мыйзамдын күчүндө же эки тараптуу келишимдин негизинде камсыздоочу менен жарандык укуктук мамилелерге кирген; камсыздандыруу полисинин ээси (полис кармоочу).

Камсыздоочунун жоопкерчилигинин лимити - камсыздоочу камсыздандыруучудан камсыздоочу жапкан коркунучтардан улам зыянга учураган кезде алууга мүмкүн болгон сумма.

Камсызыдандыруу көзөмөлү - мамлекеттик башкаруунун камсыздандыруу ишмердигин көзөмөлдөө боюнча органы.

Карго – деңиз кемеси менен ташылган жүктөргө тапшырык алуу үчүн, ташыла турган жүктөрдү камсыздандыруу.

Каско – транспорт каражаттарын камсыздандырууда колдонулган термин. К транспорт каражатынын гана жок болуусунан жана зыянга учуроосунан келип чыккан чыгымдарды калыбына келтирүүнү болжойт жана камсыздандыруу жагдайынан улам жаралган жүргүнчүлөрдүн өлүмү же ден-соолугуна залал келүүсү менен коштолгон мүлктөрдүн зыянга учуроосундабуларды камсыздоочунун жоопкерчилигин кошпойт.

Кассалык чыгаша - кайра камсыздандыруу келишимдеринин шарттары. Ага ылайыкчыгашалар келишимде шартталган суммадан ашып кетсе, аларды кайра камсыздоочулар энчисине тийген убакыттын ичинде төлөп берүүсү керек ( эреже катары бир, эки жуманын ичинде).

Квоталык кайра камсыздандыруу келишими - аталган келишимдин шарттарына ылайык камсыздандыруу компаниясы кайра камсыздоочу менен макулдашуу аркылуукайра камсыздоого баардык кабыл алынган коркунучтардын бирин да калтырбастан камсызандыруунун аныкталган түрү боюнча же жанында жайгашкан топтук камсыздандыруулардын энчисине өткөрүп берет. Ушул эле энчиде кайра камсыздандыруучуга ага байланыштуу премияберилет жана ал кайра камсыздоочуга ошол эле энчиде, ал тарткан баардык чыгымдарды төлөп берет.

Ковернот- камсыздандыруу броккери тарабынан камсыздандыруучуга берилүүчү, камсыздандыруу келишими “анын тапшырмасы менен” түзүлгөндүгүн тастыктаган документ. К.да камсыздандыруунун шарттары көрсөтүлөт.

Коркунучту каттоо - жаралган коркунучтарды түрлөрүнө, формаларына, ж.б.у.с. карап байкоо жана көзөмөл жүргүзүү процесси.

Котировка - камсыздоочу камсыздандырууга алууга даяр болгон тийиштүү коркунучтардын камсыздандыруудагы сыйлыгынын ставкасы. Камсыздандыруунун жеткиликтүү шарттарын камсыз кылуу максатында котировка бир нече камсызоочулардан алынышы мүмкүн.

Кумуляция - көп сандаган камсыздандырылган объектилердин же олуттуу камсыздандыруу суммасы бар бир нече объектилер бир эле камсыздандыруу жагдайына тийиштүү болушу мүмкүн ( мисал үчүн: жер титирөө, бороон) булардын кесепетинен абдан ири чыгашалар жаралган коркунучтардын туундусу. Камсыздандыруу коому бир нече кайра камсыздандыруу жана ретроцессиондуу келишимдерге катышкан кезде, ошол эле коркунучтар камтылган болгон жагдайлардагы кайра камсыздандырууда кумуляция пайда болот.

Кырсык - өлүм менен кошотолгон авария, жарылуу, кыйроолор,жол транспорттук окуялар, денеге жаракат алуулар, жок болуулар же камсыздандырылган объектин зыянга учуросу.

Кэптивдик компаниялар – ири индустриалдык же коммерциялык концерндер тарабынан баардык же өздөрүнө тийиштүү коркунучтардын бир бөлүгүн камсыздоо максатында түзүлгөн камсыздандыруу компаниялары.