+996 (312) 61 46 34
+996 (312) 98 67 68
+996 (558) 98 67 68
+996 (701) 98 67 68
+996 (777) 98 67 68
+996 (312) 61 45 88

  • Камсызданды- руу эсепкери
  • Кырсык учурунда комиссарды чакыруу
  • Камсыздандыруу агентини чакыруу
  • Камсыздандыруу агентердин реестри
  • Каттоо реестринин полиси

“ИНГО” Тобу

 

“ИНГО” эл-аралык камсыздандыруу тобу юридикалык жак болбой туруп, камсыздандыруу компанияларынын шериктештигин камсыз кылуу менен, өзүнүн ишмердигинин негизги багыты катары камсыздандыруу ишинин өнүгүшүн жана Топтун мучөлөрүнүн кызыкчылыгы сунуш кылынган мамлекеттерде жана аймактарда катышуучулардын позициясын бекемдөө менен коомчулуктун камсыздандыруу кызматтарына болгон талабын толук жана ар тараптуу канааттандырууну көздөйт.

“ИНГО” Тобу – бул:

  • Камсыздандыруу жагдайы түзүлгөндө, Топтун кайра камсыздандыруу күчүн колдонуу менен жана Ингосстрахтын жакшы байланыштары аркылуу Батыштын кайра камсыздоо рыногунда кардарлардын алдындагы өз милдеттемелерин толук түрдө аткаруунун кепилдиги;
  • Камсыздандыруунун алдыңкы технологиялары;
  • Кызматкерлердин жогорку профессионалдуулугу;
  • Кардарга камсыздандыруу сервисинин дүйнөлүк деңгээлдеги стандаттарын, жер шаарынын каалаган жеринде сунуштоо мүмкүнчүлүгү.

2002-жылы  18-ноябрда “Ингосстрах” компаниясында, 1997-жылы түзүлгөн Трансулуттук Топтун (ТНГ) “ИНГОССТРАХ” ички карым-катнашын жөнгө салуучу  жаңы келишимге кол коюлду. “ИНГОССТРАХ” Тобу, ОСАГО  Ингосстрах”тын капиталынын катышуусу менен компанияларды бириктирет. Азыркы учурда  Топко төмөнкү компаниялар кирет:

Аталган келишимдин негизи Топтун мүчөлөрүнүн интеграциясын тереңдетүү, атап айтканда камсыздандыруу ишмердигин чогуу-чаран өнүктүрүү  багытталган. Баарын эске алганда аталган келишимдин максаты, керектөөчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жогорулатуу жана ТНГга мүчө компаниялардын  ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу болуп саналат.

Келишимдин алкагында ТНГ мүчөлөрү өздөрүнө төмөнкү милдеттемелерди алышты:

  • Макулдашылган камсыздандыруу жана кайра камсыздандыруу саясатын иштеп чыгуу жана өткөрүү;
  • ТНК “ИНГОССТРАХ”тын мүчөлөрүнүн ишмердигинин чөйрөсүн улуттук жана дүйнөлүк камсыздандыруу рынокторунда кеңейтүү;
  • Айрым тармактар, камсыздандыруунун түрлөрү же керектөөчүлөрдүн тобу боюнча ТНКнын мүчөлөрүнүн адистешүү мүнкүнчүлүгүн издөө - эгерде ал жерде адистешүү өзүн-өзү актаса;
  • Камсыздандыруунун технологиялык процесстерин унификациялоо жана интеграциялоо боюнча чогуу иш алып баруу;
  • Сунушталып жаткан камсыздандыруу кызматтарынын сапатын бирдиктүү стандартта тузүү;
  • Колдо бар камсыздандыруу продуктуларын таркатуунун усулдарын жана ыкмаларын кемчиликсиз кылуу;
  • Жаңы камсыздандыруу продуктуларын чогуу-чаран иштеп чыгуу жана аларды алдыга жылдырууну камсыз кылуу;
  • Топтун алкагында кайра камсыздандыруу системасын коргоону кемчиликсиз кылуу;
  • Компания-мучөлөрдүн кардардык базасын кеңейтүү максатында чогуу аракеттенүүнү ишке ашыруу жана ири корпоративдик кардарларды  камсыздандырууга тартуу;
  • Макулдашылган инвестициялык саясат жүргүзүү, бирдиктүү инвестициялык жана башка финансылык долбоорлорду ишке ашыруу;
  • Жарнамалык жана маркетингдик саясатты кординациялоо жана кемчиликсиз кылуу.

Компаниялар – Топтун мүчөлөрү терең интеграция кардарларга сунушталып жаткан кызматтардын сапатын арттырууга, улуттук камсыздандыруу рыногунда  ийгиликтүү атаандашууга, камсыздандыруунун жана ага байланышкан операциялардын натыйжалуулугуна түрткү берет деп ишенимдүү айтышууда.