+996 (312) 61 46 34
+996 (312) 98 67 68
+996 (558) 98 67 68
+996 (701) 98 67 68
+996 (777) 98 67 68
+996 (312) 61 45 88

  • Камсызданды- руу эсепкери
  • Кырсык учурунда комиссарды чакыруу
  • Камсыздандыруу агентини чакыруу
  • Камсыздандыруу агентердин реестри
  • Каттоо реестринин полиси

Унаа менен жүк ташуучулар жана экспедиторлордун жоопкерчилигин камсыздоо

 

 

 

 

 

 

 

 

Өз ишмердигин транспорт-логистикалык тармакта жүргүзгөн ишканалардын мүлктүк кызыкчылыктарын коргоодо, биздин Компания унаанын кез келген түрү менен жүк ташууларда, унаа менен жүк ташуучулардын жана экспедиторлордун жоопкерчилигин камсыздандырууну сунуштайт. Экспедитордун же унаа менен жүк ташуучунун жарандык жоопкерчилигин камсыздандырууда (СМR камсыздандыруусу) жүктөрдү ташуу жана экспедициялоодо кызмат көрсөткөн компаниялар менен генералдык келишим түзүү аркылуу ишке ашырылат.

Эмнелер камсыздандырылышы мүмкүн:
  • Жүккө зыян келүүдөн, жок болуудан жана жоголуп кетүүдөн, анын ичинде 1965-жылдагы КДПГ Конвенциясынын камсыздандыруу алкагында жоопкерчилик алуу;
  • Үчүнчү жактардын өмүрүнө, ден-соолугуна, мүлкүнө зыян келтирүүдөгү жоопкерчилик;
  • Камсыздандыруучунун катачылыгынан улам, кардарлар финансылык жоготууларга учураган кезде Камсыздандыруучунун жоопкерчилиги;
  • Жүктү сактап калууга кеткен чыгымдарды азайтуу жана соттук чыгымдар.
Коркунучтуу чыгашаларды жапкан биздин полис:
  • Унаа менен жүк ташуучунун   жана экспедитордун   жүктү жоготууп алуу, жок болуу,  же  жол транспорт окуяларынан улам жүккө зыян келүү, өрттө жана жарылууда,  транспорт  каражатынын  коңторулуп калуусунда,  жүктү үшүтүп же ысытып алганда, көпүрөлөрдүн кулап кетүүсүндө,  жүктөө учурундагы кырсыктарда,  түшүрүүдө жана жуктөөдө,  транспортировкалоо учурундагы  корунучтарда, үчүнчү жактардын укуктан тышкары аракеттеринен улам, (урдоо, тоноо, карактоо) зыян келгенде  жоопкерчилигин камсыздандыруу;
  • Камсыздандыруучунун кардарларынын: жүктү жеткирип берүүнүн кечигүүсүнөн, жүктү токтоосуз берүү боюнча нускамаларды бузулган учурда да жүк жеткирүү; жүктү туура эмес жеткирүү, товардык-коштоочу документтерди туура эмес толтуруудан улам зыян тартканда экспедиторлорду жана жүк ташуучуларды камсыздоо; жүктү туура эмес жеткирүү; товардык-коштоочу документтерди туура эмес толтуруу;
  • Пошлиналарды жана алымдарды төлөөдөгу жоопкерчилик;
  • Жүктү ташып келүүдө (кампага жайгаштырууда) зыян келген учурда, жүктү ташып келүүчүнүн жоопкерчилиги;
  • Камсыздандыруу жагдайынын кырдаалын иликтөөгө кеткен чыгымдар;
  • Зыян келүүнү  жоюу же  азайтуу  үчүн кеткен чыгымдар.
Камсыздоонун ийкемдүү шарттары:

Ар бир конкреттүү жагдайда тарифтик ставкалардын көлөмү жекече эсептелет жана ташылып бара жаткан жүктүн түрүнө карата: ташуунун көлөмүнө, багытына, жүктү ташып жеткирүүдөгү транспорт каражаттарынын саны, камсыздандыруунун шарттары жана тандап алган лимиттердин жоопкерчилиги коррекцияланат.

Эмне үчүн бизди тандашыңыз керек:
  • ”Ингосстрах” камсыздандыруу рыногунда 22 жылдан бери иш алып баруудагы;
  • ”Ингосстрах” жыл сайын башка камсыздандыруу компанияларынын арасынан Лидер катары таанылууда;
  • ”Ингосстрах” камсыздандыруу төлөмдөрүн кыска мөөнөттө жүргүзөт;
    • Сизге, Сизде жаралган баардык суроо-талаптарды жөнгө салууга баардык күч аракетин жумшаган, атайын жекече менеджер бекитилип берилет.

 

 

Төмөндөгү форманы толтуруу менен биздин адистин сизге телефон чалуусун тапшырык кылсаңыздар болот: