+996 (312) 61 46 34
+996 (312) 98 67 68
+996 (558) 98 67 68
+996 (701) 98 67 68
+996 (777) 98 67 68
+996 (312) 61 45 88

  • Камсызданды- руу эсепкери
  • Кырсык учурунда комиссарды чакыруу
  • Камсыздандыруу агентини чакыруу
  • Камсыздандыруу агентердин реестри
  • Каттоо реестринин полиси

Жүктөрдү камсыздоо

Ташып жеткирүү - бул сатуу жана сатып алуу келишиминин абдан жоопкерчиликтүү учуру. Бул учурда товар сатуучунун колунда эмес жана сатып алуучуга да жете элек абалда болот. Кээ бир учурларда жүктөр жоголуп кетет. Статистикага ылайык эң көп зыян келүүлөр көбүнчө уурдап кетүүгө, азайып калууга жана ошондой эле жолдо зыян келүүсүнө туура келет.

Өзүн финансылык планда коргоо үчүн, ар бир өзүн сыйлаган ишкер, мейли ал сатуучу же сатып алуучу болсун камсыздандыруу полисин алып, өз тынчтыгын камсыз кыла алат.

Эмнелер камсыздандырылышы мүмкүн:
  • Жүктөрдүн баардык түрлөрү, транспорттун баардык түрлөрү менен дүйнө жүзү боюнча;
  • Жүктү ташып жеткирүүгө байланыштуу транспорттук жана кошумча чыгымдар;
  • ИНКОТЕРМИС 2010дун шарттарынын негизинде белгиленген пунктун товарларды таркатуудан түшүүчү киреше.
Коркунучтуу чыгашаларды жапкан биздин полис:

Жүктөрдү камсыздандыруу келишими төмөнкү көрсөтүлгөн шарттардын биринин негизинде түзүлүшү мүмкүн:

1. "Баардык коркунучтарга жоопкерчилик алуу менен”.

Камсыздандыруу жагдайы болуп: кез келген ар кандай себептерден улам зыянга учуроо, толук жок болуу же жүктү толук бойдон же жарымын жоготуу, ошондой эле:

а. Жалпы авария боюнча чыгымдар жана взностор;

б. Жүктү сактап калууга зарыл болгон баардык аракеттерге кеткен, ошондой эле чыгашаны азайтуу жана анын көлөмүн аныктоого кеткен чыгымдар. Эгерде чыгашаны кайтарып берүү камсыздандыруу келишиминин шарттарында кайтарылса.

2. “Жеке аварияга жоопкерчилик алуу менен”. 

Камсыздандыруу жагдайы болуп төмөнкүлөр эсептелет:

а. Өрттүн, чагылгандын, бороондун, куюндун жана башка жаратылыш кырсыктардын, кемелердин, учактардын жана башка жүк ташуучу каражаттардын же алардын кыймылдагы жана калкып жүргөн нерселерге кагылышы, кемелерди тайыз жерге токтотууда, көпүрөлөрдүн кулап кетүүсүндө, жарылууда, кемеге муз тарабынан зыян келгенде, ошондой эле жүктү сактап калуу жана өрттү өчүрүүгө болгон аракеттерден улам жүккө зыян келгенде, толук жок болгондо же болбосо жүктү жарым жартылай же толук кол жууп калган учурларда;

б. Жүк ташуучу каражаттын дайынсыз жоголуп кетүүсүнөн улам, жүктү жоготкон учурда;

в. Жүктү жүктөөдө, жыйууда, түшүрүүдө жана кемени жанар май менен камсыз кылуу учурунда жаралган күтүлбөгөн жагдайлардан улам, зыян келгенде толук жок болгондо, же болбосо жүктөн толук же жарым жартылай кол жууганда;

г. Жалпы авария боюнча чыгымдар жана салымдар;

д. Жүктү сактап калууга зарыл болгон багыттуу чыгашалар, ошондой эле зыян тартууну азайтуу жана анын көлөмүн аныктоо, эгерде камсыздандыруунун келишими боюнча чыгаша калыбына келтирүүгө жатса.

3. Кыйроого учурагандан башка зыянга учуроолорго жоопкерчилик албоо.

Камсыздандыруу жагдайы катары:

а. Өрттүн, чагылгандын, бороондун, куюндун жана башка жаратылыш кырсыктардын, кемелердин, учактардын жана башка жүк ташуучу каражаттардын же алардын кыймылдагы жана калкып жүргөн нерселерге кагылышы, кемелерди тайыз жерге токтотууда, көпүрөлөрдүн кулап кетүүсүндө, жарылууда, кемеге муз тарабынан зыян келгенде, ошондой эле жукту сактап калуу жана өрттү өчүрүүгө болгон аракеттерден улам жүк толук жок болгондо же болбосо жүктөн жарым жартылай же толук кол жууп калган учурларда;

б. Жүк ташуучу каражаттын дайынсыз жоголуп кетүүсүнөн улам, жүктү жоготкон учурда;

в. Жүктү жүктөөдө, жыйууда, түшүрүүдө жана кемени жанар май менен камсыз кылуу учурунда жаралган күтүлбөгөн жагдайлардан улам, зыян келгенде толук жок болгондо, же болбосо жүктөн толук же жарым жартылай кол жууганда;

г. Кемелердин, учактардын жана башка жүк ташуучу каражаттардын же алардын кыймылдагы жана калкып жүргөн нерселерге кагылышы, кемелерди тайыз жерге токтотууда, кемеде, учакта же болбосо жүк ташуучу каражатта болгон өрттө же жарылууда, жүккө зыян келген учурда;

д. Жалпы авария боюнча чыгымдар жана салымдар;

е. Жүктү сактап калууга зарыл болгон багыттуу чыгашалар, ошондой эле зыян тартууну азайтуу жана анын көлөмүн аныктоо, эгерде камсыздандыруунун келишими боюнча чыгаша калыбына келтирүүгө жатса.

Камсыздандыруу мезгили:

Камсыздандыруунун мезгили кампадан кампага, анын ичинде кайра жүктөөлөр, кайра ташуулар, кайра жүктөөчү жана кайра ташуучу пукттарда сактоонун  баардык мезгилин камтыйт.

Келишим бир жолку жөнөтүүгө же узак мезгил аралыгында ишке ашкан, көп жолку жөнөтүүлөргө түзүлүшү мүмкүн.

Эмне үчүн бизди тандашыңыз керек:
  • ”Ингосстрах” камсыздандыруу рыногунда 22 жылдан бери иш алып баруудагы;
  • ”Ингосстрах” жыл сайын башка камсыздандыруу компанияларынын арасынан Лидер катары таанылууда;
  • ”Ингосстрах” камсыздандыруу төлөмдөрүн кыска мөөнөттө жүргүзөт;
    • Сизге, Сизде жаралган баардык суроо-талаптарды жөнгө салууга баардык күч аракетин жумшаган, атайын жекече менеджер бекитилип берилет.

 

 

Төмөндөгү форманы толтуруу менен биздин адистин сизге телефон чалуусун тапшырык кылсаңыздар болот: