+996 (312) 61 46 34
+996 (312) 98 67 68
+996 (558) 98 67 68
+996 (701) 98 67 68
+996 (777) 98 67 68
+996 (312) 61 45 88

  • Камсызданды- руу эсепкери
  • Кырсык учурунда комиссарды чакыруу
  • Камсыздандыруу агентини чакыруу
  • Камсыздандыруу агентердин реестри
  • Каттоо реестринин полиси

Б

БИР ЖОЛКУ ТӨЛӨМ СИСТЕМАСЫ - жүргүнчүлөрдү жана айдоочунун күтүлбөгөн кырсыктардан камсыздандыруудагы колдонулган система. Мындай жагдайдакамсыздандыруу суммасы транспорт каражатынын баарына бекитилет. Ал эми анын ичиндеги ар бир адам жалпы камсыздандыруу суммасынан тийиштүү энчиси менен камсыздандырылган болуп эсептелет.

БОНУС - камсыздандыруу сыйлыгынын суммасынан, абсолюттук көлөмүндө, пайыздарында же промиллдеринде камсыздандыруу келишимин түзгөндө, камсыздандыруучу ал үчүн өзгөчө пайдалуу шарттарды сунуштаган арзандатуулар. Б көлөмү камсыздандыруу полисинде белгиленет. Америка камсыздандыруу тажырыйбасында Б. рабат дегенди билдирет.

Бордеро - камсыздандырууга алынган жана кайра камсыздандырууга жаткан коркунучтар. Б. цедент (кайра камсыздандыруучу) тарабынан кайра камсыздандыруучу, кайра камсыздандыруу келишиминде көрсөтүлгөн мөөнөттө берилет.

Бөлүк, үлүш, катышуу - сөз айкашы, кайра камсыздандыруу практикасында алгачкы камсыздандыруучу өзүнүн жоопкерчилигинде тобокелчиликтин бир бөлүгүн кармап калып жана калган бөлүгүн кайра камсыздандырууга бергенде колдонулат.

Броккер – камсыздандыруучу менен камсыздоочунун (кайра камсыздоочу менен кайра камсыздандыруучунун) камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) келишимин түзгөндө, ортомчулук кылып ал үчүн тийиштүү сый акы алган ортомчу. Брокер мыйзам чыгаруу тармагында жана камсыздандыруу тажрыйбасындасерепчи болууга тийиш. Ал профессионал адис катары камсыздандыруу боюнча мүмкүн болгон нерсенин баарын билүүгө тийиш -деп эсептелет. Анын билими принципала үчүн камсыздандыруунун жана премиянын ставкаларынынэң жакшы шарттарын камсыз кылууга түрткү берет. Брокер камсыздандыруучунун (кайра камсыздандыруучунун) агенти болуп эсептелет,камсыздоочунун (кайра камсыздоочунун) эмес. Брокер камсыздоочунун (кайра камсыздоочунун) алдында эч кандай юридикалык жоопкерчилик тартпайт, бирок моралдык жоопкерчиликти эске албаганда. Эгерде брокер өзүнүн милдеттемелерин аткарып жатып калпыстыктарды кетирсе, жана камсыздандыруучуга ( кайра камсыздандыруучуга зыянын тийгизсе, анда алар броккерден келтирилген зыянды каалыбына келтирүүнү талап кылууга акылуу.