+996 (312) 61 46 34
+996 (312) 98 67 68
+996 (558) 98 67 68
+996 (701) 98 67 68
+996 (777) 98 67 68
+996 (312) 61 45 88

  • Камсызданды- руу эсепкери
  • Кырсык учурунда комиссарды чакыруу
  • Камсыздандыруу агентини чакыруу
  • Камсыздандыруу агентердин реестри
  • Каттоо реестринин полиси

Куруу жана монтаждоо коркунучтардан камсыздоо

Куруу жана монтаждоо коркунучтарын камсыздоо курулушка катышкан тараптардын кызыкчылыгын коргоону камсыз кылат (тапшырык берүүчүнү, аткаруучуну, аткаруучунун алдындагы аткаруучуну, долбоор түзүүчүнү ж.б.у.с.). Куруу жана монтаждоо коркунучтарын камсыздоо полиси, төмөнку аткарыла турган иштерден улам жаралуучу коркунучтарды жабат:

  • Курулуш, оңдоп-түзөө, имаратты жана түзүлүштөрдү калыбына келтирүү;
  • Монтаж, инсталляция, модернизациялоо, ар кандай жабдыктарды эксплуатацияга киргизүү.
Эмнелер камсыздандырылышы мүмкүн:
  • Курулуш, монтаждоо объектилери жана башка Камсыздандыруучунун түзгөн жалдап алуу келишиминде же контрагында каралган (контракта каралган объектилер), анын ичинде курулуш материалдары, жана конструкциялар, чогултулуп жана бекитилип жаткан жабдыктар;
  • Тапшырык берүүчүнү, аткаруучу менен түзгөн контрагында көрсөтүлбөгөн материалдар жана жабдыктар, эгерде алардын наркы өзүнчө кошумча, жалпы камсыздандыруу суммасынын полисине киргизилген болсо;
  • Эки тараптын келишүүсү жана өзгөчө камсыздандыруу суммасын бекитүү аркылуу, курулуш аянтындагы жабдыктар, курулуш техникалары жана механизмдери, башка объектилер да камсыздандырылышы мүмкүн;
  • Аткаруучунун ишке киргенден кийинки кепилдик берүү жоопкерчилиги.
 Коркунучтуу чыгашаларды жапкан биздин полис:
  • Өрт, чагылгандын тийүүсү;
  • Жарылуусунан;
  • Жаратылыш кырсыктарынан;
  • Кимдир бирөөлөрдүн карасанатайлык аракеттеринен;
  • Газ балондорунун, буу казандарынын, гидротехникалык жабдыктардын, аппараттардын, машиналардын жана ушул сыяктуу тузүлүштөрдүн жарылуусу;
  • Крандардын, көтөрүлүп жаткан жүктөрдүн, блоктордун жана бөлүктөрдүн кулап кетүүсү;
  • Инженердик түйүндөрдүн авариясы;
  • Курулуш жана монтаждоо иштерин жүргүзүдөө кетирилген абайсыздыктар жана каталар;
  • Конструкциялардын жана  алардын секцияларынын, бөлүктөрүнүн кулап түшүүсү;
  • Курулуш аянтында ар кандай, камсыздандырууда же келишимдин шарттарынан тааныш эмес, кокустуктар жана күтүлбөгөн окуялар.
Камсыздандыруу суммалары бекитилет:
  • Контракт боюнча иштердеги объектилер үчүн - алардын контрактык (сметалык) наркы, анын ичинде курулуш материалдарынын жана конструкциялардын наркы, жабдыктарды чогултуу жана бекитүү, долборлоо боюнча жумуштар, айлык акыга кеткен чыгымдар, ташып келүүгө кеткен чыгымдар, башкы төлөмдөрү жана алымдары;
  • Жумушту тапшырык берүүчү тарабынан алынып келинген материалдар жана жабдыктар, ошондой эле буга чейинки мүлктөр - материалдардын, жабдыктардын жана мүлктөрдүн чыныгы наркынын негизинде;
  • Курулуш аянтынын жабдыктарын, курулуш техникаларын жана механизмдери, ошол эле типтеги жаңы объекттерди сатып алуу наркы жана ошол эле кубаттуулугу боюнча, эгер алар камсыздандырылгандай болсо.
Камсыздандыруу мезгили:
  • Камсыздандыруу контракта көрсөтүлгөн жабдыктарды бош жана иш үстүндө сыноодо, жумушка даярдык көрүүдөн баштап же болбосо курулуш аянтына камсыздандырылган мүлктүн биринчи партиясын түшүрүүдөн баштап объекти пайдаланууга берүүгө чейин жумуштар мөөнөтүндө күчүндө болот;
  • Аткаруучунун келишимде көрсөтүлгөн кепилдик мөөнөтүнөн контракта көрсөтүлгөн объектилерди ишке берүүнү эске алуу менен полистин жарамдуулугу узартылышы мүмкүн.
Эмне үчүн бизди тандашыңыз керек:
  • ”Ингосстрах” камсыздандыруу рыногунда 22 жылдан бери иш алып баруудагы;
  • ”Ингосстрах” жыл сайын башка камсыздандыруу компанияларынын арасынан Лидер катары таанылууда;
  • ”Ингосстрах” камсыздандыруу төлөмдөрүн кыска мөөнөттө жүргүзөт;
    • Сизге, Сизде жаралган баардык суроо-талаптарды жөнгө салууга баардык күч аракетин жумшаган, атайын жекече менеджер бекитилип берилет.

 

 

Төмөндөгү форманы толтуруу менен биздин адистин сизге телефон чалуусун тапшырык кылсаңыздар болот: