+996 (312) 61 46 34
+996 (312) 98 67 68
+996 (558) 98 67 68
+996 (701) 98 67 68
+996 (777) 98 67 68
+996 (312) 61 45 88

  • Камсызданды- руу эсепкери
  • Кырсык учурунда комиссарды чакыруу
  • Камсыздандыруу агентини чакыруу
  • Камсыздандыруу агентердин реестри
  • Каттоо реестринин полиси

Чет өлкөлөргө чыккан кезде камсыздандыруу

Полис эмне үчүн керек?

Чет өлкөлөргө чыккан кезде камсыздандыруу - кызмат боюнча же туристтик болгонуна карабастан ар бир чет жакка чыккандар үчүн табылгыс нерсе. Барган жериңиздин тамак-аш өзгөчөлүгү, жапайы жаратылыш, маданий өзгөчөлүктөрү жана башка өлкө менен таанышуу учурундагы жагымсыз жагдайлар, Сиздин баардык пландарыңызды бузуп коюшу мүмкүн. А эми чоочун өлкөдө квалификациялык медициналык жардам алуу эреже катары абдан кымбат жана тез арада жардам алуу да бир топ кыйынчылыктарды туудурат.

Анын үстүнө Шенген зонасына кирген өлкөлөргө виза алуу үчүн милдеттүү талаптардын бири катары чет өлкөгө чыгып жаткан адамдын Медициналык Чыгымдарды Камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу полиси болуусу зарыл.

Камсыздандыруунун бул түрү кандайча ишке ашырылат?

Жаныңда “Ингосстрах”тын камсыздандыруу полиси болсо, биздин кардарларга дарыгерлердин өтө кымбат турган кызматтарын, медикаменттерди сатып алууну жана транспортировка үчүн өз каражатынан төлөөнүн зарылчылыгы жок. Кардарга полисте көрсөтүлгөн телефондорго чалып коюу гана жетиштүү жана “EUROPASISTANCE” тейлөө борборунун өкүлдөрү Сизге дүйнө жүзүнүн баардык жеринде 24 саат боюу медициналык жардам алууңузга көмөктөшөт.

Камсыздандыруу полисинин жараактуулугу 1 күндөн 1 жылга чейинки мөөнөттө болушу мүмкүн.

Аталган полис кандай чыгымдарды жабат?

“Ингосстрах”дын полиси төмөнкү медициналык жана медициналык – ташып жеткирүү чыгашаларын жабат:

  • Стационарда болгон жана дарыланган учурда, анын ичинде дарыгердин кызмат көрсөтүүсү үчүн төлөмдөр, операция жасоого, диагностикалык изилдөөлөргө, ошондой эле даарыгер жазып берген дары-дармектерди сатып алууга, байлоо, таңуу жана фиксациялоо каражаттарына (гипс, бандаж);
  • Амбулатордук дарыланууга, анын ичинде дарыгердин кызмат көрсөтүүсү үчүн төлөмдөр, диагностикалык изилдөөлөргө, ошондой эле дарыгер жазып берген дары-дармектерди сатып алууга, байлоо, таңуу жана фиксациялоо каражаттарына (гипс, бандаж);
  • Башка өлкөдө убактылуу жашап жаткан мезгилде, окуя болгон жерден жакынкы аралыктагы медициналык мекемеге же дарыгерге эвакуациялоо;
  • Чукул медициналык репатриация учурунда ишенимдүү транспорт каражаты менен анын ичинде коштоп баруучунун чыгымдарын эске алуу менен Камсыздандырылган адамды жашаган жерине жеткирүү;
  • Медициналык репатриация учурунда Камсыздандырылган адамды чет өлкөдөн Камсыздандырылган адамдын жашаган жерине чейин же болбосо жашаган жериндеги жакын жайгашкан медициналык мекемеге жеткирүүдө;
  • Камсыздандырылгандын туруктуу жашаган жерине жеткирүүгө кеткен чыгымдын бир тарабы гана камсыздандырылган кезде;
  • Камсыздандырылгандын чет өлкөдө жүргөн кезинде, анын балдарынын эконом класс менен жашаган жерине жеткирүүгө кеткен чыгымдын бир тарабына;
  • Камсыздандырылгандын жансыз репатриацияланган денесин туруктуу жашаган жерине жеткирүүдө.
Полис алуунун 3 себеби:
  1. Полис Шенген зонасына  кирген өлкөлөрдө милдеттүү:

Шенген зонасына кирген өлкөлөрдө медициналык аныктама, виза алуудагы милдеттүү түрдөгү документтердин катарына кирет: Шенген зонасынын өлкөлөрүнө кирүү полиси болгон учурда гана мүмкүн;

  1. Полис жолго чыгуунун баардык түрлөрүндө жарактуу:

Чет жакка чыгуунун максатына карабастан: туризм, командировка, активдүу эс алуу же таймашуулар - аталган полис чет жакта жүргөн мезгилде медициналык чыгашаларды жабууга мүмкүндүк берет.

  1. Чогуу болсок, ар дайым арзан:

Топ-тобу менен чет жакка чыгууларга, ийкемдүү арзандатуулар сунушталып кеткен чыгашаларга жагымдуу таасирин тийгизет.

Эмне үчүн бизди тандашыңыз керек:
  • ”Ингосстрах” камсыздандыруу рыногунда 22 жылдан бери иш алып баруудагы;
  • ”Ингосстрах” жыл сайын башка камсыздандыруу компанияларынын арасынан Лидер катары таанылууда;
  • ”Ингосстрах” камсыздандыруу төлөмдөрүн кыска мөөнөттө жүргүзөт.
Кошумча сунуш кылабыз:
  • Турак жайларды камсыздоо. Үйүңүз тууралуу, электр сайгычтан суурулбаган үтүк же жабылбаган кран жана кошуналарыңыздын батирлери үчүн кабатырланбай, Сиз өзүнүздүн чет жакка чыгууңуздан чыныгы ырахат алсаңыз болот.
Бул полисинин наркы канча?

Биздин адистер, төмөнкү телефондор аркылуу, Сиздерге кеңири кеңештерди берүүгө жана камсыздандыруу полисинин наркын эсептеп берүүгө ар качан даяр:

  • +996 (312) 98 67 68
  • +996 (558) 98 67 68
  • +996 (701) 98 67 68
  • +996 (777) 98 67 68
  • +996 (312) 61 45 88
  • +996 (312) 61 46 34

 

​Же болбосо төмөндөгү форманы толтуруу менен биздин адистин сизге телефон чалуусун тапшырык кылсаңыздар болот: