+996 (312) 61 46 34
+996 (312) 98 67 68
+996 (558) 98 67 68
+996 (701) 98 67 68
+996 (777) 98 67 68
+996 (312) 61 45 88

  • Камсызданды- руу эсепкери
  • Кырсык учурунда комиссарды чакыруу
  • Камсыздандыруу агентини чакыруу
  • Камсыздандыруу агентердин реестри
  • Каттоо реестринин полиси

Ф

Факултативдик кайра камсыздандыруу - цедентке жана кайра камсыздандыруучуга тобокелчиликтерди баалоого мүмкүндук берилген жана аларды толук турдө же жарым жартылай (аныкталган үлүштө) кайра камсыздандырууга берүүгө мүмкүн болгон камсыздандыруунун усулу. Камсыздандыруу жоопкерчилигинин түрлөрүнүн жалпы санынан, кайра камсыздандырууга цеденттин каалоосу боюнча кандайдыр бир жоопкерчиликтин бир түрү сунуш кылынышы мүмкүн. Кайра камсыздандыруучу бул сунушту толук четке кагып, ага каршы факултативдик кайра камсыздандыруу келишимин сунуштай алат.

Франшиза - камсыздоочуну аныкталган өлчөмдөн ашпаган чыгашаларды калыбына келтирүүдөн бошоткон камсыздандыруу келишиминде көрсөтүлгөн шарттар. Франшизаны шарттуу (чегерилбей турган) шарттуу эмес ( чегериле турган) кылып бөлүшөт. Алар камсыздандыруу суммасына абсолюттук көлөмдө же пайыздарда бекитилет.

Фронтировкалоо - тобокелчиликтерди камсыздандырууга же кайра камсыздандырууга аларды кайра (100 пайыз) башка камсыздандыруучу жана кайра камсыздандыруучу компанияларга, көбүнчө алардын өздөрүнүн суранычы жанатийиштүү сый акыга өткөрүп берүү максатында алуу.

Фронтировкалоочу компания - башка камсыздандыруучунун суранычы боюнча камсыздандыруу полисин өзүнүн атынан 100 пайыз кабыл алынган тобокелчиликтеранын суранычы менен бул камсыздандыруу полиси берилген берки камсыздандыруу компаниясында кайра камсыздандырыла тургандыгын эске алуу менен берген камсыздандыруучу. Ф.к. өзүнөкамсыздоочунун алдында юридикалык жоопкерчилик алгандыктан, ал фронтировка кылгандыгы үчүн сый акы алууга акылуу.