+996 (312) 61 46 34
+996 (312) 98 67 68
+996 (558) 98 67 68
+996 (701) 98 67 68
+996 (777) 98 67 68
+996 (312) 61 45 88
2016-жылдын 7-февралында “Транспорт каражаттарынын ээлеринин милдеттүү түрдө камсыздандыруу боюнча жарандык-укук жоопкерчилиги жөнүндө” мыйзамы күчүнө кирди.
ОСАГО - Транспорт каражаттарынын ээлеринин, милдеттүү түрдө камсыздандыруу Жарандык-Укуктук Жоопкерчилиги алкагында сиз өзүңүздүн жол кыймылына катышуудагы үчүнчү тараптардын алдындагы жоопкерчилигиңизди алдын ала камсыздай аласыз.
ОСАГО полисин алуу менен, жол кырсыгына кабылган кезде, Сиз күнөөкөр болгон учурда өзүңүздү олуттуу маселелерден коргой аласыз. Мындай жагдайда сиз материалдык чыгымга учураткан тарапка чыгымды камсыздандыруу алкагында, Сиз үчүн биздин камсыздандыруу компаниясы төлөп берет. Эгерде, ушул эле окуя тескерисинче болуп сиз жабырлануучу болсоңуз, камсыздандыруу алкагында сиз тарткан чыгымды күнөөлүү тараптын камсыздандыруу компаниясы төлөп берет.
Жеке унаа материалдык жетишкендик катары саналбай калганына бир топ убакыт болду. Өткөн 20 жыл аралыгында Кыргызстандагы автоунаалардын саны дээрлик 1000%га өстү. Автотранспорттордун санын өсүүсү менен жол кыймылына катышкандардын ичинде Жолдо Жүрүүнүн Эрежелерин системалуу түрдө бузгандардын да саны өсүүдө. А түгүл, анча чоң эмес жол кырсыктары да, ошол эле жерден чоң пикир келишпестиктерге алып келип жаткандыгы көбүрөөк кездешүүдө.
Ушундан улам мамлекет тарабынан жол кырсыктарынан келип чыккан пикир келишпестиктерден жарандарды куткаруу максатында жана талаш-тартыштарды заманбап иретке келтирүү менен бирге, Жол Транспорттук Окуялардан келип чыккан чыгымдарды материалдык жактан минималдык калыбына келтирүүгө кепилдик берүү жагы каралган.
Мыйзамдын негизги максаттарынын бири - жол траспорттук окуялардан жабыркагандардын кызыкчылыгын коргоо жана алардын автотранспорттук каражаттарын эксплуатациялоодо келтирилген зыянды калыбына келтирүү укугун коргоо болуп саналат.
Ар дайым эрежени бузгандарда, этияттап айдоонун экономикалык кызыкчылыгы жана жол кыймылынын коопсуздугунун жогорулашы пайда болот. Анткени, айдоочу канчалык көп жолу Жол Транспорттук Окуялардын күнөөкөрү болсо, ошончолук ал ОСАГО полиси үчүн төлөөгө мажбур болот.
Камсыздандыруу компаниясынын камсыздандыруу жоопкерчилигинин максималдуу лимити камсыздандыруу алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
Эгерде камсыздандыруу жагдайы түзүлсө, реалдуу чыгымды төлөп берүү, канчалык дэңгээлде зыян келгенине карата, бирок камсыздандыруу компаниясынын лимитинин жоопкерчилигинин чегинде төлөнөт.
Камсыздандыруу тарифтери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
Жок. ОСАГОго байланыштуу Сиз өзүңүздүн жоопкерчилигиңизди үчүнчү тараптардын алдында коргоп каласыз, бирок өзүңүздүн автоунааңызды эмес. Эгерде күнөөкөр Сиз болсоңуз - камсыздандыруу компаниясы жабыркагандардын чыгымын калыбына келтирүүгө жардам берет, бирок сизге эмес. Ал эми автоунааңызды өзүңүздүн эсебиңизден оңдоп-түзөөгө туура келет. ОСАГОнун мыйзамы ушундай. Бирок, биз Сизге жол кырсыгына күнөөлүү же күнөөлүү эмес экениңизге карабай өзүңүздүң автоунаңызды ыктыярдуу камсыздоону сунуштайбыз. Бул – КАСКО.
Камсыздандыруу сыйлыгы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен тарифтик ставкалар жана камсыздандыруу суммасына (жоопкерчилик лимитине) жараша болот.
Кыргызстандын автоунаа ээлеринде ОСАГО камсыздандыруу полиси 2016-жылдын 7–февралынан баштап милдеттүү жана анын түп нускасын автоунаанын тийиштүү документтери менен (техникалык паспорт, айдоочунун күбөлүгү, ишеним кат, салыкты төлөгөнү боюнча талон) чогуу болуусу керек.
Камсыздандыруу жоопкерчилигинин максималдуу лимити жана сублимити Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
Эгерде Жол Транспорт Кырсыгында жабырлануучу Сиз болсоңуз, ал эми күнөөкөр тараптын камсыздандыруу суммасы келтирилген зыянды калбыбына келтирүүгө жетиштүү эмес болсо, анда калган сумманы Жол Транспорт Кырсыгына күнөөкөр тарап өз каржатынан калыбына келтирип берүүгө тийиш. Мындай кырдаалдарда Сизге КАСКО камсыздандыруу полиси жардам бере алат. Эгерде аталган полис колуңузда болсо, Сиз автоунааңызды оңдоп-түзөөгө кеткен чыгымды жабууга мүмкүндүк аласыз.
Эгерде Сиз Жол Транспорт Кырсыгына күнөөкөр болсоңуз жана ОСАГО полисиңиздеги камсыздандыруу суммасы келтирилген чыгымды жабууга жетпесе, жетпеген сумманы өзүңүз төлөп берүүгө мажбур болосуз. Дал ушундай кырдаалдар үчүн ДСАГО полиси бар. Ал камсыздандыруу суммасынын лимитин Сиз каалагандай өлчөмдө бекитип алууга мүмкүндүк берет.
*ОСАГОнун эсепкери менен эсептөөлөр болжолдуу түрдө экендигине көнул бурууңуздарды суранабыз, анткени тарифтер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитиле элек.