+996 (312) 61 46 34
+996 (312) 98 67 68
+996 (558) 98 67 68
+996 (701) 98 67 68
+996 (777) 98 67 68
+996 (312) 61 45 88

  • Камсызданды- руу эсепкери
  • Кырсык учурунда комиссарды чакыруу
  • Камсыздандыруу агентини чакыруу
  • Камсыздандыруу агентердин реестри
  • Каттоо реестринин полиси

Кызматкерлердин күтүлбөгөн кырсыктардан камсыздоо

Кырсыктардан камсыздандыруу, ишканалар өз кызматкерлерине сунуштаган социалдык пакеттин эң негизги бөлүктөрүнүн бири болуп саналат. Камсыздандыруу полисти, күтүлбөгөгөн кырсыктан улам кызматкердин өмүрүнө жана ден-соолугуна келген зыянды компенсациялоо менен анын үй-бүлөсүнүн материалдык бакыбатуулугун коргоп калат.

Кырсык болгон учурда  адамдар жана анын үй-булөсү, адат болуп калгандай эле, материалдык чыгашаларга кириптер болушат. Жада калса убактылуу ишке жарамдуулугун жоготуу да кирешени жоготууга алып келет. Ошол эле учурда дарылануу жана кайра калыбына келтирүүгө байланыштуу чыгашалар кескин түрдө өсөт. Үй-бүлө мүчөлөрүнүн биринин узак убакытка эмгекке жарамсыздыгы (майыптыгы) жана ага ар дайым кам көрүү зарылчылыгынан улам үй-бүлөнүн жашоо деңгээли кескин түрдө төмөндөп кетиши мүмкүн. Кырсыктан улам үй-бүлөнү камсыздап жаткан адамдын өлүмгө учурашы же майып болушу,  копчүлүк учурларда чыныгы финансылык кыйроого алып келет.

Кырсыктардан бизден камсыздандырылуу менен, Сиз, Сиздин каалооңуз менен бир айдан бир жылга чейин, 24 саат боюу же аныкталган гана саатарда, бүткүл дүйнө жүзү боюнча же чектелген аймакта Камсыздандыруу коргоосуна ээ болосуз.

Камсыздоонун ийкемдүү шарттары:

Күтүлбөгөн кырсыктардан камсыздоо келишими төмөндө көрсөтүлгөн варианттардын биринде түзүлүшү мүмкүн:

  • Күтүлбөгөн кырсыктан улам өлүмгө дуушар болуу;
  • Күтүлбөгөн кырсыктан улам өлүмгө жана майыптыкка дуушар болуу;
  • Күтүлбөгөн кырсыктан улам өлүмгө, майыптыкка жана жаракат алууга дуушар болуу.
Эмне үчүн бизди тандашыңыз керек:
  • ”Ингосстрах” камсыздандыруу рыногунда 22 жылдан бери иш алып баруудагы;
  • ”Ингосстрах” жыл сайын башка камсыздандыруу компанияларынын арасынан Лидер катары таанылууда;
  • ”Ингосстрах” камсыздандыруу төлөмдөрүн кыска мөөнөттө жүргүзөт;
    • Сизге, Сизде жаралган баардык суроо-талаптарды жөнгө салууга баардык күч аракетин жумшаган, атайын жекече менеджер бекитилип берилет.

 

 

Төмөндөгү форманы толтуруу менен биздин адистин сизге телефон чалуусун тапшырык кылсаңыздар болот: