+996 (312) 61 46 34
+996 (312) 98 67 68
+996 (558) 98 67 68
+996 (701) 98 67 68
+996 (777) 98 67 68
+996 (312) 61 45 88

  • Камсызданды- руу эсепкери
  • Кырсык учурунда комиссарды чакыруу
  • Камсыздандыруу агентини чакыруу
  • Камсыздандыруу агентердин реестри
  • Каттоо реестринин полиси

Өндүрүштүн токтоп калуудан чыгашалардан камсыздоо

Мулктү камсыздандырууга кошумча биз өндүрүштүн токтоп калуусунан улам жаралышы мүмкүн болгон чыгашаларды камсыздап коргоону сунуш кылсак болот (чарбалык иш аракеттерден улам).

Өндүрүштүн мүлкүнүн өрт кырсыгынан, суу түтүктөрүнүн системасынын иштен чыгуусунан, жаратылыш кырсыктарынан, тоноодон, ж.б.у.с. өтө олуттуу зыян тартып өндүрүштүн токтоп калуусуна алып келиши мүмкүн. Мунун негизинде кошумча чыгашалар жаралат:

1. Башта пландалган киреше алынбайт;

2. Өндүрүш токтоп калганына жана анын акыбалына карабастан күнүмдүк чыгашалары улана берет.

Токтоп калуудан чыгашалар (чарбалык ишкерликте) төмөнкүлөрдөн түзүлөт:

1. Камсыздандырылган чарбалык ишкерчиликтин убактылуу токтоп калуусунда да уланган күнүмдүк чыгымдар.

Чарбалык ишкерчиликтин убактылуу токтоп калуусунда уланган күнүмдүк чыгымдар – булар, ишкерчилик токтоп калган учурда дагы Кардар ал чыгымдарга учуроого мажбур болгон чыгашалар. Анткени, зыянга учураган же жок болгон мүлктү кайрадан калыбына келтирген учурда, кыска мөөнөттүн аралыгында чарбалык ишкерчиликти жандандырып, өндүрүшкө (чарбалык ишкерчиликке) зыян келгенге чейинки көлөмдөгү продукция өндүрүүгө жетүү зарыл. Мындай чыгашаларга төмөнкүлөр кириши мумкүн:

  • Жумушчулардын жана кызматкерлерин айлык акысы;
  • Социалдык камсыздандыруу органдарына жана ушул сыяктуу органдарга болгон төлөмдөр;
  • Кардар тарабынан өзүнүн чарбалык ишкерчилиги үчүн алынган имаратка, жабдыктарга жана ушул сыяктуу мүлктөргө ижара акы төлөмдөрү, эгерде  ижарага алуу келишиминде, же болбосо ижарага байланышкан башка келишимдерде, ижарага алынган имараттын зыянга учураганына же жок болгонуна карабастан ижара акы төлөө көрсөтүлсө;
  • Салык төлөмдөрү, эгерде чарбалык ишкерчиликти жүргүзүүдө ишкананын ишинин жыйынтыгы эске алынбаган салык төлөөчү база болуп эсептелген учурда;
  • Кредиттердин же башка сырттан тартылган каражаттардын пайыздары, эгерде бул инвестициялар чарбалык ишкерчиликтин камсыздандырган бөлүгүн өркүндөтүү үчүн жумшалган болсо жана материалдык зыяндын келтирилишинен улам үзгүлтүккө учураган болсо;
  • Амортизациялык которуулар.

2. Чарбалык ишкерчиликтин убактылуу токтоп калуусунан улам кирешелерди жоготуу.

Камсыздандырылган чарбалык ишкерчиликтин убактылуу токтоп калуусунан улам кирешелерди жоготуу – бул эгерде Кардар материалдык зыянга учуроонун кесепетинен улам, ишкана токтоп калган мезгил аралыгындагы, эгерде өндүрүш токтобогон жагдайда ала турган кирешеси, анын ичинде:

  • Өндүрүш ишканаларында - продукцияны сатуу жана чыгарунун эсебинен;
  • Кызмат көрсөтүү жана тейлөө тармагындагы ишканаларда кызмат көрсөтүү жана тейлөөнүн эсебинен;
  • Соода-сатык ишканаларында товарларды сатуудан;
  • Курулуштардын жана имараттардын ээлерине ижара акысынын эсебинен;
  • Камсыздандырылган чарбалык ишкерчиликти камсыздандырууну улантуу, учурдагы чыгашаларды Эки тараптын өзгөчө келишиминин негизинде камсыздандыруу аркылуу гана жүргүзүлүшү мүмкүн.
Калыбына келтирүүнүн убактысы:

Ишкананын токтоп калган мезгилдеги чыгашасын калыбына келтирүү убактысы, Кардар тарабынан өз алдынча тандалып алынат. Бул өз кезегинде, Кардар өзүнүн баамында канча мезгил аралыгында мүлкүн калыбына келтирип, ишкананы кайра ишке киргизе аларлыгына байланыштуу болот. Тараптардын келишими аркылуу жоопкерчиликтин максималдуу убактысы 1 айдан 36 айга чейин болушу мүмкүн.

Эмне үчүн бизди тандашыңыз керек:
  • ”Ингосстрах” камсыздандыруу рыногунда 22 жылдан бери иш алып баруудагы;
  • ”Ингосстрах” жыл сайын башка камсыздандыруу компанияларынын арасынан Лидер катары таанылууда;
  • ”Ингосстрах” камсыздандыруу төлөмдөрүн кыска мөөнөттө жүргүзөт.
    • Сизге, Сизде жаралган баардык суроо-талаптарды жөнгө салууга баардык күч аракетин жумшаган, атайын жекече менеджер бекитилип берилет.

 

Төмөндөгү форманы толтуруу менен биздин адистин сизге телефон чалуусун тапшырык кылсаңыздар болот: