+996 (312) 61 46 34
+996 (312) 98 67 68
+996 (558) 98 67 68
+996 (701) 98 67 68
+996 (777) 98 67 68
+996 (312) 61 45 88

  • Камсызданды- руу эсепкери
  • Кырсык учурунда комиссарды чакыруу
  • Камсыздандыруу агентини чакыруу
  • Камсыздандыруу агентердин реестри
  • Каттоо реестринин полиси

Турак жайларды камсыздоо

Урматтуу “Ингосстрах”нын кардары!

Мүлкүңүз зыянга учураган кезде Сизде БОЛБОШУ КЕРЕК​:

  • Дүрбөлөңгө түшпөңүз, эстеңиз Сиздин мүлкүңүз камсыздандырылган.
  • “Ингосстрах”нын адисинен алдын-ала кеңеш албай туруп оңдоп түзөөчү ишканалардын кызматтарын төлөө боюнча чечим чыгаруу.

 

Камсыздандыруучунун камсыздандыруу жагдайы болгондо аракеттенүүсү:

Болуп өткөн окуя тууралуу токтоосуздан “Ингосстрах”нын авариялык комиссарына билдирүү. Камсыздандыруу жагдайы болгондон тарта 3 (үч) жумушчу күндүн ичинде, камсыздандыруу жагдайы болгон күндү кошкондо, “Ингосстрах”га же ыйгарым укуктуу өкүлүнө жазуу түрүндө (почта, курьер аркылуу,  телекс менен телеграф же телефакс менен) билдирүү.

Өрт болгон кезде

  1. Өрттү өчүрүүгө аракет кылыңыз, окуя боюнча 101 телефонуна чалып өрткө каршы кызматтардын органына билдириңиз жана андан аркы аракететиңизди  өрт өчүрүүчүлөрдүн сунуштары менен жүргүзүңүз.
  2. Жабыркабай калган буюмдардын сакталуусуна кам көрүңүз;
  3. Өрткө каршы кызматтардын органынан өрттүн себептери жана кабыл алынган чечим боюнча аныктама алыңыз (эгерде тергөөнүн материалдары укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген болсо - аталган органдардан аныктама) жана “Ингосстрах”га өткөрүп бериңиз.

 

Үчүнчү жактардын укуктан тыш аракеттеринен улам:

  1. Болуп өткөн окуя боюнча токтоосуздан милициянын территориалдык бөлүмүнө 102 телефону аркылуу кайрылыңыз жана окуя болгон жерге  территориялдык милиция бөлүмүнүн кызматкерлерин чакырыңыз.
  2. Жабыркабай калган буюмдардын сакталуусуна кам көрүңүз;
  3. Күнөөлү адамдарды аныктоо жана жоопко тартуу үчүн территориялдык милиция бөлүмүнө, болуп өткөн окуя боюнча арыз жазыңыз.
  4. Ички иштер органдарынан болуп өткөн окуя боюнча аныктама алыңыз.

 

 Жаратылыш кырсыктары учурунда:

  1. Болуп өткөн окуя тууралуу аныктама алуу үчүн, токтоосуз түрдө гидрометеорологиялык кызматтарга окуя боюнча маалымат бериңиз.
  2. Жабыркабай калган буюмдардын сакталуусуна кам көрүңүз.

 

Суу аркылуу зыянга учураганда:

  1. Турак-жайды пайдалануу ишканаларына билдирүү;
  2. Мүлктү сактоо боюнча чараларды көрүү;
  3. Болгон окуя тууралуу “Ингосстрах”га билдирип жана андан ары анын көрсөтмөлөрү менен аракеттенүү.

 

Жалпы сунуштамалар:

Кеңеш алуу үчүн төмөнкү телефондорго кайрылыныздар:

  • +996 (312 / 558 / 701 / 777) 98 67 68;
  • +996 (312) 61 45 88;
  • +996 (312) 61 46 34.