+996 (312) 61 46 34
+996 (312) 98 67 68
+996 (558) 98 67 68
+996 (701) 98 67 68
+996 (777) 98 67 68
+996 (312) 61 45 88

  • Камсызданды- руу эсепкери
  • Кырсык учурунда комиссарды чакыруу
  • Камсыздандыруу агентини чакыруу
  • Камсыздандыруу агентердин реестри
  • Каттоо реестринин полиси

П

Пайдасыздык – аныкталган мезгилде төлөнгөн чыгашалардын суммасынын ошол эле мезгилдеги жалпы сыйлыгына катышы. Өткөрүү ишинин көрсөткүчү катары кызмат кылат.

Полисти кармоочу-мааниси. Камсыздоочу.

Портфель сактандыруу - белгилүү бир мөөнөткө камсыздандырууну кабыл алган камсыздандыруучунун коркунучтарынын жыйындысы.

Премия - полистин шарттарына ылайык камсыздандыруу жагдайы түзүлгөн кезде, полисти кармоочуга тийиштүү сумманы төлөп берүүгө өзүнө милдеттеме алгандыгы үчүн камсыздандыруучу камсыздоочуга төлөп берүүчү сумма.

Пропорционалдуу (үлүштүк) камсыздандыруу системасы - камсыздандыруу суммасы камсыздандыруу объектисин баалоого карата болгон зыяндын бөлүгүндөгү өлчөмүндө камсыздандыруу боюнча калыбына келтирүү каралган. Мисал үчүн камсыздандыруу суммасы камсыздандыруу объектисин баалоонун 80 % барабар болсо, анда камсыздандыруу боюнча калыбына келтирүү да чыгашанын 80% барабар болот. Ошентсе да чыгашанын бир бөлүгү камсыздандыруучунун коркунучунда калат: калыбына келтирүүнүн даражасы канчалык бийик болсокамсыздандыруу суммасы менен камсыздандыруу объектисин баалоонун ортосундагы айырмасы ошончолук аз болот.

Пропорционалдуу эмес кайра камсыздандыруу - компаниянын камсыздандыруу портфелдерин эбегейсиз ири жана күтүлбөгөн жагдайлардан камсыздандырууга кызмат кылган кайра камсыздоо келишимдерин уюштуруунун формасы. Бул келишимдин шарттарына ылайык камсыздандырылган коркунуч боюнча чыгашанын жыйынтыктоочу суммасы камсыздандыруу жагдайында шартталган суммадан ашып кетсе гана кайра камсыздоо инструменти ишке киргизилет.

Пропорционалдуу кайра камсыздандыруу - кайра камсыздандыруу келишимдерин уюштуруунун формасы. Өзүнө квоталык, эксцеденттик жана квоталык- эксцеденттик келишимдерди камтыйт.