+996 (312) 61 46 34
+996 (312) 98 67 68
+996 (558) 98 67 68
+996 (701) 98 67 68
+996 (777) 98 67 68
+996 (312) 61 45 88

  • Камсызданды- руу эсепкери
  • Кырсык учурунда комиссарды чакыруу
  • Камсыздандыруу агентини чакыруу
  • Камсыздандыруу агентердин реестри
  • Каттоо реестринин полиси

Кооптуу өндүрүштүк объектилерди эксплуатациялоочу ишканалардын жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу

 

 

 

 

 

 

 

 

 

2009-жылдын 19-февралынан баштап, Кыргыз Республикасынын “Кооптуу өндүрүштүк объектилерди эксплуатациялоочу ишканалардын жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу” боюнча 15.08.08-жылдагы №202 Мыйзамы күчүнө кирди.

Кимдер милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүшү керек?

Милдеттүү камсыздандыруу келишимин, кооптуу өндүрүштүк объектилерде менчик укугу барлар, чарба жүргүзүүгө укугу барлар, ыкчам түрдө башкарууга укугу барлар же болбосо баардык мыйзамга шайкеш иш аракеттеги физикалык жана юридикалык жактар түзүүгө милдеттүү:

  1. Тоо-кен иштерин жүргүзүүдө, пайдалуу кендерди байытуу иштерин жүргүзүүдө, ошондой эле жер астындагы шартта жүргүзүлгөн иштерде;
  2. Кара, түстүү металлдарды эритип берүү, тоо тектерин эритмесин ушул эле эритмелерде эритүү;
  3. 0,07 МПА басымында же суунун температурасын 115 градус Цельсий жана андан жогору ысытуу менен иштөөчу жабдыктарды колдонууда;
  4. Стационардык бекитилген жана жылдыруучу жук көтөрүүчү механизмдерди, эскалаторлорду, өткөөл жолдорду, көтөргүчтөрдү колдонуу;
  5. Жеңил тутануучу, күйүүчү, кычкылдануучу, жарылуучу, уулуу жана радиоактивдүү заттарды алуу, уюштуруу, кайра иштетүү, колдонуу, сактоо, ташуу, жок кылуу, таркатуу, (жогоруда аталган зыяндуу жана кооптуу заттарды колдонгон ишканаларды, кооптуу өндүрүштүк объектилерге киргизүү тартиби  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет);
  6. Адам баласынын иш аракеттерине жана курчап турган айлана чөйрөгө коркунуч жараткан заттарды камтыган тоо-кен өндүрүшүндөгү калдыктарды  көмүү жумуштары.

Камсыздандыруу келишими кооптуу өндүрүш объектилердин ар бири боюнча өзүнчө түзүлөт.

Камсыздандыруу суммасынын (лимиттик жоопкерчилик) көлөмү келишим боюнча өндүрүштүк объектинин тибине көз каранды жана төмөнкү таблицага ылайык, бекитилген минималдык камсыздандыруу суммасынан төмөн болбоого тийиш:

Кооптуу өндүрүш объектилердин тиби, аларга: Жалпы лимиттин минималдуу жоопкерчилиги (КР сом)

1) Тоо кен иштери, пайдалуу казып алуучу кендерди байытуу иштери, ошондой эле жер астындагы шарттагы жумуштар

10000 000

2) Казылып алынган кара, түстүү металдарды эритип берүү, тоо тектерин эритмесин ушул эле эритмелерде эритүү

10000 000

3) 0,07 МПА басымында же суунун температурасы 115 градус Цельсий жана андан жогору ысытуу менен иштөөчу жабдыктар колдонулат

7000 000

4) Стационардык бекитилген жана жылдыруучу жүк көтөрүүчү механизмдерди, эскалаторлорду, өткөөл жолдорду, көтөргүчтөрдү колдонуу

1000 000

5) Жеңил тутануучу, күйүүчү, кычкылдандыруучу, жарылуучу, уулуу жана радиоактивдүү заттарды алуучу жана уюштуруучу,  кайра иштетүүчү, колдонуучу, сактоочу, ташуучу, жок кылуучу, таркатуучу (жогоруда аталган зыяндуу жана кооптуу заттарды колдонулган ишканаларды, кооптуу өндүрүштүк объектилерге киргизүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан  бекитилет)

15000000

6) Адам баласынын иш аракеттерине жана курчап турган айлана чөйрөгө коркунуч жараткан заттарды камтыган тоо-кен өндүрүшүндөгү калдыктарды көмүү жумуштарын жургүзүү

10000 000

Үчүнчү жактардын өмүрүнө жана ден-соолугуна зыян келүү коркунучунда жоопкерчилик лимити, бир адамга 300 000 сомду түзөт.

Камсыздандыруу тарифи

Базалык камсыздандыруу тарифи 0,144 пайызга барабар.

Кооптуу өндүрүш объектиси территориалдык жактан калк жайгашкан пунктарга, мамлекет тарабынан кайтарууга алынга жаратылыш зоналарына,  дарыяларга, көлдөргө, айыл чарба жерлерине, жакын жайгашкан учурда, стационардык бекитилген жана жылдыруучу жүк көтөрүүчү механизмдерди, эскалаторлорду, өткөөл жолдорду, көтөргүчтөрдү колдонулган объектилерден тышкары базалык тарифке, коэффицентти жогорулатуучу 1,5 колдонулат.

Келишимдин жарактуу мөөнөтү

Камсыздандыруу келишими жазуу түрүндө камсыздандыруу полисин берүү жолу менен 12 айдан ашпаган мөөнөткө түзүлөт.

Эмне үчүн бизди тандашыңыз керек:
  • ”Ингосстрах” камсыздандыруу рыногунда 22 жылдан бери иш алып баруудагы;
  • ”Ингосстрах” жыл сайын башка камсыздандыруу компанияларынын арасынан Лидер катары таанылууда;
  • ”Ингосстрах” камсыздандыруу төлөмдөрүн кыска мөөнөттө жүргүзөт.

 

 

Кооптуу өндүрүштүк объектилерди эксплуатациялоочу ишканалардын жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу

Тип опасного производственного объекта
Тоо кен иштери, пайдалуу казып алуучу кендерди байытуу иштери, ошондой эле жер астындагы шарттагы жумуштар
Казылып алынган кара, түстүү металдарды эритип берүү, тоо тектерин эритмесин ушул эле эритмелерде эритүү
0,07 МПА басымында же суунун температурасы 115 градус Цельсий жана андан жогору ысытуу менен иштөөчу жабдыктар колдонулат
Стационардык бекитилген жана жылдыруучу жүк көтөрүүчү механизмдерди, эскалаторлорду, өткөөл жолдорду, көтөргүчтөрдү колдонуу
Жеңил тутануучу, күйүүчү, кычкылдандыруучу, жарылуучу, уулуу жана радиоактивдүү заттарды алуучу жана уюштуруучу, кайра иштетүүчү, колдонуучу, сактоочу, ташуучу, жок кылуучу, таркатуучу...
Кооптуу өндүрүш объектиси территориалдык жактан калк жайгашкан пунктарга, мамлекет тарабынан кайтарууга алынга жаратылыш зоналарына, дарыяларга, көлдөргө, айыл чарба жерлерине жакындык
Төлөп берүүгө сыйлык
0 Сом