+996 (312) 61 46 34
+996 (312) 98 67 68
+996 (558) 98 67 68
+996 (701) 98 67 68
+996 (777) 98 67 68
+996 (312) 61 45 88

  • Камсызданды- руу эсепкери
  • Кырсык учурунда комиссарды чакыруу
  • Камсыздандыруу агентини чакыруу
  • Камсыздандыруу агентердин реестри
  • Каттоо реестринин полиси

Ч

Чогуу камсыздандыруу – бир эле тобокелдикти камсыздандырууда тийиштүү энчилери менен эки же андан көп камсыздандыруучулар катышкан, ар бири өзүнүн энчисинде камсыздандыруу суммасына чогуу же ар башка полистерди берген камсыздандыруу.

Чыгаша - камсыздандыруу жагдайынан улам, камсыздандыруу объектисине келтирилген камсыздандыруучу тарабынан төлөнүүчү чыгаша; Камсыздандыруу жагдайынын анык болгондугунун бекитилген фактысы (камсыздандыруу тобокелчилигин таркатуу) камсыздандыруу жагдайы боюнча болгон маанилүү фактылары мүнөздөгөн өз алдынча иш алып барууга бөлүнгөнжана төлөп берүүнүн негиздүү экенин далилдеген камсыздандыруучунун архивиндеги документтер жана материалдар. Мааниси чыгашаларды ликвидациялоо.

Чыгашаларды ликвидациялоо - камсыздоочунун камсыздандыруу жагдайынын себептерин, фактыларын, жагдайларын ( четке кагууга мүмкүн болбогон далилдер) аныктоо жана камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөп берүү боюнча жүргүзгөн комплекстик иш чаралары.

Чыгашалардын резерви - кайра камсыздандыруу келишимдеринин шарттарынын бири, буга ылайык камсыздандыруу компаниясы коркунучтарды кайра камсыздандырууга берип жатып, өзүндө тапшырык берилген бирок али төлөнбөгөнсуммада резерв түзүүгө жана кармап турууга акылуу.

Чыгашанын азайышы – камсыздандыруучу баардык жагдайларда анын мүлкү камсыздандырылбагандай аракеттенүүсү керек жана чыгашаны азайтуу жана алдын алуу боюнча, эгерде чыгаша камсыздандыруу шарттары боюнча калыбына келтирүүгө жатса дагы баардык андан көз каранды болгон чараларды көрүүгө тийиш.

Чыгашанын ордун толтуруу - камсыздандыруу жагдайынан улам мүлктүн жок болуусунда же зыян келген учурда албай калган кирешени толтурууда, ден-соолукка келтирилген зыянды камсыздандырууда камсыздандыруунун калыбына келтирүү жолу менен,камсыздандыруучу тарабынан толук же жарым жартылай мүлктүн наркын компенсациялоо.