+996 (312) 61 46 34
+996 (312) 98 67 68
+996 (558) 98 67 68
+996 (701) 98 67 68
+996 (777) 98 67 68
+996 (312) 61 45 88

  • Камсызданды- руу эсепкери
  • Кырсык учурунда комиссарды чакыруу
  • Камсыздандыруу агентини чакыруу
  • Камсыздандыруу агентердин реестри
  • Каттоо реестринин полиси

Э

Экседент – тобокелчиликти камсыздандырууга алган камсыздандыруу компаниясынын өзүнүн кармап калуу суммаларынан ашыкча кайра камсыздандырууга жаткан тобокелчиликтин суммасы. Кайра камсыздандыруу суммасы адатта экседент деп атоо кабыл алынгананыкталган лимит менен чектелет. Экседент өткөрүп берип жаткан компаниянын өздүк кармап калуу суммаларын аныкталган санда көбөйтүүлөрүнүн санын түзөт.

Экседент пайдасыздыгы - эгерде камсыздоонун корголгон түрү боюнча пайдасыздык келишимде макулдашылган пайыздан ашып кеткен жагдайда, иштин жалпы жыйынтыктарынкоргоодон пропорционалдуу эмес кайра камсыздандыруу келишими.

Экстра-сыйлыгы - жогорку коркунучтагы тобокелчиликтерди камсыздандырганда, камсыздоочуга камсыздандыруучу жөнөкөй сыйлыгына үстүнө кошумча төлөп берүүчү сыйлык.

Эксцедент жоготуу - камсыздандыруу жагдайы түзүлгөндө камсыздандырылган тобокелчиликтердин чыгашаларынын суммасы макулдашылган суммадан (приоритет) ашып кеткенде ганаишке кирип баштаган пропорционалдуу эмес кайра камсыздандыруу келишими.

Эң жогорку адамкерчилик - мисал үчүн деңиз камсыздандыруусунда камсыздоочу камсыздандырылган объектилерди кароо мүмкүнчүлүгүнөн ажырагандыктан ушуга байланыштуу деңиз камсыздандыруусу эң жогорку адамкерчилик принципине негизделет. Бул принцип камсыздандыруучу тарабынан да, камсыздоочу тарабынан да билдирилүүгө тийиш. Эгерде андай болбосо келишимди бир жактуу токтотууга негиз болуп бериши мүмкүн.