+996 (312) 61 46 34
+996 (312) 98 67 68
+996 (558) 98 67 68
+996 (701) 98 67 68
+996 (777) 98 67 68
+996 (312) 61 45 88

  • Камсызданды- руу эсепкери
  • Кырсык учурунда комиссарды чакыруу
  • Камсыздандыруу агентини чакыруу
  • Камсыздандыруу агентердин реестри
  • Каттоо реестринин полиси

Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу

 

 

 

 

 

 

 

 

 

2009-жылдын 12-февралынан баштап, Кыргыз Республикасынын “Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу” боюнча 04.08.08-жылдагы №189чи Мыйзамы күчүнө кирди.

Кимдер милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүшү керек?

Милдеттүү камсыздандыруу келишимин, темир жол, суу, аба, автомобиль транспорт каражаттарынын физикалык жана юридикалык ээлери, жеке менчик  укугунун негизинде же болбосо башка мыйзамдык негиздерде жана атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын уруксаты менен жүргүнчүлөрдү жана алардын мүлкүн акыга ташууга , же болбосо өз алдынча иштегендер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүүсү зарыл.

Камсыздандыруу суммасы (калыбына келтирүү лимити):

Жүргүнчүлөрдүн өмүрүнө жана ден-соолугуна зыян келүү коркунучунда жоопкерчилик лимити, бир адамга 300 000 сомду түзөт.

Бир жүргүнчүнүн мүлкүнө зыян келүү коркунучунда жоопкерчилик лимити 10 000 сомду түзөт.

Бир жүргүнчүгө жалпы жоопкерчилик лимити 310 000 сомду түзөт.

Камсыздандыруу тарифи:

1. Автомобилдик транспорттор үчүн

Жылдык камсыздандыруу сыйлыгы, транспорт каражатынын түрүнө коэффициенттеги базалык тарифине тең жана жүк ташуунун түрүнүн коэффициентине,  транспорт каражатындагы жүргүнчүлөрдүн орундуктарынын санына, жана бир жүргүнчүгө жоопкерчилик лимитине жараша болот.

Камсыздандыруу келишими ар бир транспорт каражатына өз-өзүнчө жүргүзүлөт.

Базалык камсыздандыруу тарифи 0,045 пайызга барабар.

1. Транспорт каражатынын түрү боюнча Коэффициенттер

Жеңил унаалар, автобустар, кичи автобустар

1,2

Троллейбустар

0,5

2. Ташуунун түрү боюнча Коэффициенттер

Шаар ичинде

0,8

Шаарлар аралык, жана эл аралык

1,2

2. Авиациялык транспорттор үчүн

Бир каттам үчүн камсыздандыруу сыйлыгы базалык камсыздандыруу тарифин аба транспорт каражатынын жургүнчүлөр орундуктарынын фактылык түрдө толгон санына жана бир жургүнчүгө болгон жоопкерчилик лимитине барабар болот.

Базалык камсыздандыруу тарифи 0,007 пайызга барабар. Камсыздандыруу келишими ар бир каттамга өзүнчө түзүлөт.

 

3. Темир жол транспорттору үчүн

Ташуунун бул түрү үчүн жылдык камсыздандыруу сыйлыгы, базалык тарифтин кыймылынын жол акы сатуудан тушкөн жылдык киреше жана транспорттун бул түрү менен жүк ташуунун коэффициентинин өнүмүнө барабар болот.

Базалык тариф 5 пайызга барбар.

Ташуунун түрү Коэффициент
Ички

0,8

Эл аралык

1,2

Камсыздандыруу келишими бир жылдын ичинде факт түрүндө ташылган жүргүнчүлөргө түзүлөт.

Жүргүнчүлөрдү мамлекеттер аралык ташууларда, камсыздандыруу келишими Кыргыз темир жол бекетинен бир жыл аралыгында кыргыз поезд түзүмдөрүндө  жөнөп кеткен жүргүнчүлөрдүн санына жараша түзүлөт.

 

4. Суу транспорттору үчүн

Камсыздандыруу сыйлыгы камсыздандырылган жылдын ичинде ташылган жүргүнчүлөрдүн жол кире акысынын 1 пайыз өнүмүнө барабар.

Камсыздандыруу келишими ар бир ташылган жургүнчүгө 1 жыл мөөнөтүндө түзүлөт.

Эмне үчүн бизди тандашыңыз керек:
  • ”Ингосстрах” камсыздандыруу рыногунда 22 жылдан бери иш алып баруудагы;
  • ”Ингосстрах” жыл сайын башка камсыздандыруу компанияларынын арасынан Лидер катары таанылууда;
  • ”Ингосстрах” камсыздандыруу төлөмдөрүн кыска мөөнөттө жүргүзөт.

 

Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу

Автомобилдик транспорттор үчүн:

Төлөп берүүгө сыйлык
0 Сом

Авиациялык транспорттор үчүн:

Премия за 1 рейс
0 Сом

Темир жол транспорттору үчүн:

Төлөп берүүгө сыйлык
0 Сом

Суу транспорттору үчүн:

Төлөп берүүгө сыйлык
0 Сом

Табыштама таризи: