+996 (312) 61 46 34
+996 (312) 98 67 68
+996 (558) 98 67 68
+996 (701) 98 67 68
+996 (777) 98 67 68
+996 (312) 61 45 88

  • Камсызданды- руу эсепкери
  • Кырсык учурунда комиссарды чакыруу
  • Камсыздандыруу агентини чакыруу
  • Камсыздандыруу агентердин реестри
  • Каттоо реестринин полиси

Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу

 

 

 

 

 

 

 

 

 

2009-жылдын 22- февралынан баштап, Кыргыз Республикасынын “Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу” боюнча 04.08.08-жылдагы №188чи Мыйзамы күчүнө кирди.

Кимдер милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүшү керек?

Милдеттүү камсыздандыруу келишимин кооптуу жүктөрдү транспорт каражаты менен ташууну ишке ашырган физикалык жана юридикалык жактар түзүүсү керек.

Камсыздандыруу келишими ар бир жүк ташуучу транспорт боюнча өзүнчө түзүлөт.

Камсыздандыруу келишими боюнча, камсыздандыруунун суммасы, темир жол транспортунан тышкары, жүктүн коркунуч классына, жүк ташуучу транспорт каражатынын жүк көтөрүү жөндөмдүүлүгүнө жараша болот жана бекитилген минималдык камсыздандыруу суммасынан төмөнкү таблицага ылайык аз болушу мүмкүн эмес:

Коркунуч класстары
Камсыздандыруу суммасынын, сом менен минималдык өлчөмү

Жүк ташуучу транспорт каражаттары

2,5 тоннага чейин 5 тоннага чейин 7,5 тоннага чейин 10 тоннага чейин 12,5 тоннага чейин 15  тоннага чейин 20 тоннага чейин 20 тоннадан жогору

Класс 1

Жарылуучу каражаттар;

1 500 000 3 000 000 5 500 000 8 000 000 10 500 000 13 000 000 17 000 000 20 000 000

Класс 2

Кысылган, суюлтулган жана басым менен ээритилген газдар;

1 000 000 2 000 000 3 500 000 5 000 000 6 500 000 8 000 000 10 000 000 12 000 000

Класс 3

Бат тутануучу заттар;

1 000 000 2 000 000 3 500 000 5 000 000 6 500 000 8 000 000 10 000 000 12 000 000

Класс 4

Бат тутануучу заттар жана материалдар;

1 500 000 3 000 000 5 500 000 8 000 000 10 500 000 13 000 000 17 000 000 20 000 000

Класс 5

Кычкылдандыруучу заттар жана органикалык перекистер;

1 500 000 3 000 000 5 000 000 7 000 000 9 000 000 11 000 000 13 000 000 16 000 000

Класс 6

Уулуу (токсиндүү) заттар;

1 500 000 3 000 000 5 500 000 8 000 000 10 500 000 13 000 000 17 000 000 20 000 000

Класс 7

Радиоактивдүү жана инфекциялык заттар;

2 000 000 4 000 000 7 000 000 10 000 000 13 000 000 16 000 000 20 000 000 24 000 000

Класс 8

Каустикалык жана карозиялык заттар;

1 500 000 3 000 000 5 000 000 7 000 000 9 000 000 11 000 000 13 000 000 16 000 000

Класс 9

Башка кооптуу заттар.

1 500 000 3 000 000 5 000 000 7 000 000 9 000 000 11 000 000 13 000 000 16 000 000

 

Үчүнчү жактардын өмүрүнө жана ден-соолугуна зыян келүү коркунучунда жоопкерчилик лимити, бир адамга 300 000 сомду түзөт.

Темир жол транспорту үчүн, баардык класстагы коркунучтарга камсыздандыруу суммасынын бирдиктүү минималдуу өлчөмү бекитилип, ал 1 200 000 сомду түзөт. Ал эми камсыздандыруу премиясын эсептөө үчүн темир жол транспорт бирдигине негиз катары жүктөрдү ташуунү ишке ашырган локомотив кабыл алынат.

Камсыздандыруу тарифи

Базалык камсыздандыруу тарифи баардык транспорт каражаттары боюнча 1 % түзөт.

Келишимдин жарактуу мөөнөтү

Камсыздандыруу келишими, жазуу түрүндө камсыздандыруу полисин берүү жолу менен 12 айдан ашпаган мөөнөткө түзүлөт.

Эмне үчүн бизди тандашыңыз керек:
  • ”Ингосстрах” камсыздандыруу рыногунда 22 жылдан бери иш алып баруудагы;
  • ”Ингосстрах” жыл сайын башка камсыздандыруу компанияларынын арасынан Лидер катары таанылууда;
  • ”Ингосстрах” камсыздандыруу төлөмдөрүн кыска мөөнөттө жүргүзөт.

 

 

Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу

Төлөп берүүгө сыйлык
0 Сом