+996 (312) 61 46 34
+996 (312) 98 67 68
+996 (558) 98 67 68
+996 (701) 98 67 68
+996 (777) 98 67 68
+996 (312) 61 45 88

  • Камсызданды- руу эсепкери
  • Кырсык учурунда комиссарды чакыруу
  • Камсыздандыруу агентини чакыруу
  • Камсыздандыруу агентердин реестри
  • Каттоо реестринин полиси

А

АГЕНТ – тапшырылган ишти аткаруучу же аныкталган иш аракеттерди башка адамдын кызыкычылыгы менен анын (принципала) атынан аткарган ишеним артылган жеке же юридикалык тарап. Агент адатта принципаланын ишеним катынын негизиндеже болбосопринципала менен агенттин ортосундагыагенттик келишимдин негизинде иш алып барат. Камсыздандыруу компаниялары агенттердин кызматынан кеңири колдонушат. 

АГЕНТТИК КЕЛИШИМ - физикалык же юридикалык жак (агент) менен Агенттик келишимдин шарттарынан келип чыккан, принципаланын атынан жана анын кызыкчылыгын көздөп тийиштүү милдеттемелерди (тапшырмаларды) аткаруу келишими. 

АГЕНТТТИК СЫЙ АКЫ – принципаланын кызыкчылыгын көздөп, анынатынанэкөөбүнүн ортосунда түзүлгөн агенттик келишимге ылайык, агентке өзүнө жүктөлгөн милдеттемелерди (тапшырмаларды) аткарган кезде берилүүчү төлөм. 

АДЕНДУМ - башта түзүлгөн камсыздандыруу же кайра камсыздандыруу келишимине жазуу түрүндө кошумчаларды кошуу, эгерде келишимдинмурдагы шарттарында өзгөртүү киргизүү макулдашылган болсо.

АКВИЗИЦИЯ – камсыздандыруу агентинин жана камсыздандыруу брокеринин юридикалык жана физикалык жактарды камсыздандыруу келишимине жана камсыздандыруу портфелине тартуудагы пофессионалдык иши. 

АКТУАРДЫК ЭСЕПТӨӨЛӨР - тарифдик ставкаларды экономикалык-математикалыкыкма менен бирдиктүү эсептөө.

АКТУАРИЙ - актуардык эсептөөлөр тармагындагы адис.

АКЦИЯЛАР - тийиштүү камсыздандыруу коомун өнүктүрүү үчүн, ээсинин жумшаган акча каражаттарын тастыктоочу жана ээсине кирешенин бир бөлүгүн дивидент түрүндө алууга укук берүүчү, акционердик камсыздандыруу компаниялары чыгарган баалуу кагаздардын түрү.

АЛ ЖЕТКИС КҮЧ - алдын ала болжоого жана болтурбай коюуга мүмкүн болбогон күтүлбөгөн жагдай. Камсыздандыруу практикасында форс мажордук жагдайлар катары аталып камсыздандыруу келишимине киргизилиши мүмкүн.

АНДЕРАЙТЕР – камсыздандыруу же кайра камсыздандыруу компаниясы тарабынан же болбосо “Ллойд” синдикаты менен ыйгарым укук берилген коркунучтарын камсыздоого же кайра камсыздоого ала турган адам. Камсызандыруучунун же кайра камсыздандыруучунун, камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу)портфелин түзүүгө жооп берет. Коркунучтун тийиштүү баскычын, премиялардын ставкасын жана камсыздандыруунун шарттарын аныктоочу тийиштүү билими жана тажрыйбасы болуусу керек.

АНДЕРРАЙТЕРДИК ТАЖРЫЙБА - аныкталган коркунучтарды камсыздандырууга алуу боюнча камсыздандыруу компаниясы жүргүзгөн саясат (кабыл алуудан толук баш тартуу, аныкталган лимиттерде гана же чектелген шарттарда кабыл алуу).

АЧЫК КИЛЕМ - жүктөрдү узак мөөнөткө эч кандай жалпы лимиттерди бекитпестен автоматтык түрдө камсыздоонун формасы. А.К. учурунда ар бир жүктү жөнөтүүдөкамсыздандыруучу аны жарыялап турууга милдеттүү. АК белгиленген мөөнөткө берилет жана ар дайым “ачык болот”.

АЯГЫНА ЧЫГАРЫЛБАГАН ЗЫЯН - камсыздандырылган коркунуч боюнча зыян тарткан, бирок али төлөнө элек чыгашасыжөнүндө камсыздандырылуучунун камсыздоочугабилдирүүсү. Эгерде билдирилген зыяндар жылдын аягына чейин төлөнбөсө, камсыздоочу чыгашаларга тете суммагарезерв түзөт.