+996 (312) 61 46 34
+996 (312) 98 67 68
+996 (558) 98 67 68
+996 (701) 98 67 68
+996 (777) 98 67 68
+996 (312) 61 45 88

  • Камсызданды- руу эсепкери
  • Кырсык учурунда комиссарды чакыруу
  • Камсыздандыруу агентини чакыруу
  • Камсыздандыруу агентердин реестри
  • Каттоо реестринин полиси

КАСКО камсыздандыруу

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Көпчүлүгүбүз үчүн автоунаа бир гана унаа каражаты эмес, андан да балуу нерсе. Башкача айтканда бул - ыңгайлуулук жана үй-бүлөнүн бакыбаттуулугунун  белгиси. Ошондой эле биздин сүйүктүү тулпарыбыз. Ал бизге каалаган жагыбызга ыкчам жана ыңгайлуу жетүүгө, үй-бүлө мүчөлөрүбүз менен конокко барууга, жаратылыш кучагында эс алууга, кыскасын айтканда биз каалаган жерге ыкчам жеткирүүгө ар убакта даяр. Өмүрүбүздө биринчи жолу автоунаа  сатып алгандан баштап, биз андан аркы жашообузду автоунаасыз элестете албайбыз. Андан да оор нерсе, күтүлбөгөн жагдайлардан улам автоунаабыздын ар кандай зыяндарга учурашы.

Андыктан өзүбүздү финансылык жана автоунаанын кырсыкка кабылышынан улам келип чыккан күтүлбөгөн чыгашалардан сактоо үчүн, Сиздердин  автоунааңыздарды КАСКО менен камсыздандыруунун сунуш кылабыз.

КАСКО деген эмне?

Ка́ско — бул автоунааны зыянга учуроодон, урдоодон жана айдап качуудан камсыздандыруу.

Эмнелер камсыздандырылышы мүмкүн?
  • Автоунаа каражаттарынын жеңил, жүк ташуучу жана башка түрлөрү;
  • Кошумча жабдыктар. Кошумча жабдыктар катары автоунаанын завод даярдоочу тарабынан комплектациясына кирбеген жабдыктар же болбосо тараптар тарабынан өз ара макулдашуу аркылуу кошумча жабдыктар деп табылган жабдыктар кирет. Ошондой эле кошумча жабдыктарга автоунааны тюнингдөө (аэрография, дөңгөлөктүн куюлган дисктери, спорттук жабдыктар, спойлерлер ж.б.у.с.) каражаттар кирет.
Кандай коркунучтардан автоунаа каражатын коопсуздоого болот?

 

Жол-автоунаа кырсыктарынан (ДТП);
Өрттөн;
Күтүлбөгөн жагдайда ыргып келип тийүүдөн же басып калуудан зыян келген учурда;
Жаратылыш кырсыктарынан;
Кимдир бирөөлөрдүн карасанатайлык аракеттеринен;
Айдап качуудан.
“Ингосстрах” төлөп берет:
  • Кардар тарабынан зарыл болгон учурда жана максаттуу камсыздандырылган автоунаа каражатын зыян келүүдөн алдын алуу же болбосо зыянга учуроонун деңгээлин азайтуу учун белгиленген өлчөмдөгү сарпталган чыгымдарын;
  • Эгерде өзү жүрбөсө, зыянга учураган автоунаа каражатын жакынкы аралыктагы оңдоп-түзөөчү жайга жеткирип баруу чыгымдарын;
  • Оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү үчүн тетиктерди жана керектүү материалдарды сатып алуу жеткирүүгө кеткен чыгымдарды таңгактап берүү, бажы төлөмдөрү  жана салыкты эске алуу менен;
  • Камсыздандырууда да каралган жагдайларда зыянга учуроодо, кайра калыбына келтирүү үчүн сарпталган каражаттарды, колдонулган технологияларды,  тетиктердин наркын, материалдарды жана аткаруу жумушун эске алуу менен;
  • Оңдоп-түзөө учурунда ачыкка чыккан, калыбына келтирүүгө муктаж нерселер, кемчиликтерге кеткен чыгымдар, эгерде аталган камсыздандыруу учурунда  пайда болгон болсо жана иш кагаздары менен тастыкталса.
Полис алуунун 3 себеби:
  1. Автоунааны оңдоп-түзөөго чөнтөгүңүздөн төлөбөө үчүн. Эгерде Сиздин автоунааңыз камсыздандырылууда көрсөтүлгөн жагдайда зыянга учураса, келтирилген чыгым жөнүндө билдирүү аркылуу, автоунааңызды оңдөп-түзөө үчүн акчалай компенсация аласыз.
  2. Автоунаанызды айдап качкан жагдайда чыгымдарды калыбына келтирүү үчүн. Төлөмдөр камсыздандыруу келишиминде аныкталган,  камсыздандыруу суммасынын чегинде жүргүзүлөт.
  3. Автоунааңыз конструктивдүү түрдо такыр жарактан чыккан учурда акчалай компенсация алуу үчүн. Эгерде калыбына келтирүү жумуштары автоунааны камсыздандыруу суммасынын 75% жетсе же андан да ашса, толук конструктивдүү түрдө жарактан чыкты деп эсептелет.
КАСКО полиси ДСАГО полисинен эмнеси менен айырмаланат?

КАСКО жана ДСАГО булар камсыздандыруунун ар кандай түрлөрү:

  • КАСКО – автоунаа каражатынын өзүн ыктыярдуу түрдө, ар кандай себептерден зыянга учуроодон (камсыздандырылган жагдайларда), ошондой эле айдап качуудан, урдоодон жана толук жарактан чыккан учурлардан камсыздандыруу;
  • ДСАГО – жол транспорт кырсыктарынан улам келип чыккан гана зыяндарды калыбына келтирет, ошондой эле ДСАГО полисинин ээси күнөөлүү болгон жагдайда, кимге зыян келтирсе ошол адамга төлөп берет.

Эки полис тең бирин-бири толуктайт жана өзүнүн автоунаасы менен бирге, күнөөлүү болгон учурда кимдир бирөөнүн автоунаасына зыян келтирген учурда толук кароону камсыз кылат.

Эмне үчүн бизди тандашыңыз керек:
  • ”Ингосстрах” камсыздандыруу рыногунда 22 жылдан бери иш алып баруудагы;
  • ”Ингосстрах” жыл сайын башка камсыздандыруу компанияларынын арасынан Лидер катары таанылууда;
  • ”Ингосстрах” камсыздандыруу төлөмдөрүн кыска мөөнөттө жүргүзөт.
Кошумча сунуш кылабыз:
КАСКО полисинин наркы канча?

Биздин адистер, төмөнкү телефондор аркылуу, Сиздерге кеңири кеңештерди берүүгө жана камсыздандыруу полисинин наркын эсептеп берүүгө ар качан даяр:

  • +996 (312) 98 67 68
  • +996 (558) 98 67 68
  • +996 (701) 98 67 68
  • +996 (777) 98 67 68
  • +996 (312) 61 45 88
  • +996 (312) 61 46 34

 

Же болбосо төмөндөгү форманы толтуруу менен биздин адистин сизге телефон чалуусун тапшырык кылсаңыздар болот: