+996 (312) 61 46 34
+996 (312) 98 67 68
+996 (558) 98 67 68
+996 (701) 98 67 68
+996 (777) 98 67 68
+996 (312) 61 45 88

  • Камсызданды- руу эсепкери
  • Кырсык учурунда комиссарды чакыруу
  • Камсыздандыруу агентини чакыруу
  • Камсыздандыруу агентердин реестри
  • Каттоо реестринин полиси

Жумуш берүүчүнүн жоопкерчилигин камсыздоо

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдарына ылайык, кызматкердин ден-соолугуна зыян келген же болбосо өндүрүштөгү кырсыктан улам кызматкер каза болгондо же кесиптик аракеттерден улам оорууга дуушар болгондо (анын үй-бүлөсүнө) анын албай калган эмгек акысы төлөнуп берилет. Ошондой эле, ден-соолугуна залал келгендигине байланыштуу медициналык, социалдык жана профессионалдык калыбына келтирүүгө кеткен кошумча чыгымдар, анын ичинде кызматкердин каза болушунда жанамайып болуп калуусунда төлөнүүчү бир жолку жөлөк пулдар.

Эмнелер камсыздандырылышы мүмкүн?

Камсыздандыруу объектиси болуп, Камсыздандыруучунун “жумуш берүүчү” катары мүлктүк кызыкчылыгы, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин алкагында, кызматкеринин өлүмгө учуроосунда, жаракат алуусунда же болбосо кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруу учурунда ден-соолугуна башка зыян келген учурда, зыянды калыбына келтирүү боюнча материалдык жоопкерчилиги эсептелет.

Камсыздоонун ийкемдүү шарттары:

Камсыздандыруу суммасы (жоопкерчиликтердин лимити) Камсыздандыруучу тарабынан ыктыярдуу бекитилет. Биздин адистер Сизге өз сунуштарын айтып эң оптималдуу жоопкерчилик лимиттерин тандап алуууңузга жардам берет. 

“Ингосстрах” төлөп берет:

Калыбына келтирүүнү камсыздандыруунун ичине төмөнкүлөрдү камтыйт (Кыргыз Республикасынын Эмгек мыйзамдарынын нормасына ылайык):

  • Кызматкер эмгекке убактылуу жарамсыздыгынан улам албай калган айлык акысы;
  • Эмгекке мыйзамдарынын негизинде бекитилген бир жолку жөлөк пул;
  • Ден-соолуктун бузулуусунан улам, эгерде жабырлануучу бул жардамдарга жана кароого муктаж болсо жана аны бекер алууга укугу жок болуп, кошумча чыгашаларга кириптер болсо (Кыргыз Республикасынын Эмгек мыйзамдарынын негизинде);
  • Кызматкер каза болгон учурда (ал үй-бүлөсүн камсыздоочу болсо), анын багуусунда же анын камсыздоосуна укугу бар адамдар (ар дайым төлөмдөрдү алып тургандар) айлык акысын же айлык акысынын жарымынан, айрылып калган ишке жарамдуу эмес адамдар;
  • Кыргыз Республикасынын Аракеттеги Эмгек Кодексинде бекитилген зыянды калыбына келтирүү боюнча башка чыгымдар, эгерде ар дайым (дайыма) эмгекке жарамдуулугун жоготсо.
Эмне үчүн бизди тандашыңыз керек:
  • ”Ингосстрах” камсыздандыруу рыногунда 22 жылдан бери иш алып баруудагы;
  • ”Ингосстрах” жыл сайын башка камсыздандыруу компанияларынын арасынан Лидер катары таанылууда;
  • ”Ингосстрах” камсыздандыруу төлөмдөрүн кыска мөөнөттө жүргүзөт;
    • Сизге, Сизде жаралган баардык суроо-талаптарды жөнгө салууга баардык күч аракетин жумшаган, атайын жекече менеджер бекитилип берилет.

 

 

Төмөндөгү форманы толтуруу менен биздин адистин сизге телефон чалуусун тапшырык кылсаңыздар болот: