+996 (312) 61 46 34
+996 (312) 98 67 68
+996 (558) 98 67 68
+996 (701) 98 67 68
+996 (777) 98 67 68
+996 (312) 61 45 88

  • Камсызданды- руу эсепкери
  • Кырсык учурунда комиссарды чакыруу
  • Камсыздандыруу агентини чакыруу
  • Камсыздандыруу агентердин реестри
  • Каттоо реестринин полиси

Жарандык-Укуктук жоопкерчиликти милдеттүү түрдө камсыздандыруу (ОСАГО)

2016-жылдын 7-февралында “Транспорт каражаттарынын ээлеринин милдеттүү түрдө камсыздандыруу боюнча жарандык-укук жоопкерчилиги жөнүндө”  мыйзамы күчүнө кирди.

ОСАГО деген эмне?

ОСАГО - Транспорт каражаттарынын ээлеринин, милдеттүү түрдө камсыздандыруу Жарандык-Укуктук Жоопкерчилиги алкагында сиз өзүңүздүн жол кыймылына катышуудагы үчүнчү тараптардын алдындагы жоопкерчилигиңизди алдын ала камсыздай аласыз.

ОСАГО полисин алуу менен, жол кырсыгына кабылган кезде, Сиз күнөөкөр болгон учурда  өзүңүздү олуттуу маселелерден коргой аласыз. Мындай жагдайда сиз материалдык чыгымга учураткан тарапка чыгымды камсыздандыруу алкагында, Сиз үчүн биздин камсыздандыруу компаниясы төлөп берет.  Эгерде, ушул эле окуя тескерисинче болуп сиз жабырлануучу болсоңуз, камсыздандыруу алкагында сиз тарткан чыгымды күнөөлүү тараптын камсыздандыруу компаниясы төлөп берет.

Эмне үчүн ОСАГОну киргизишти?

Жеке унаа материалдык жетишкендик катары саналбай калганына бир топ убакыт болду. Өткөн 20 жыл аралыгында Кыргызстандагы автоунаалардын саны дээрлик 1000%га өстү. Автотранспорттордун санын өсүүсү менен жол кыймылына катышкандардын ичинде Жолдо Жүрүүнүн Эрежелерин системалуу түрдө бузгандардын да саны өсүүдө. А түгүл, анча чоң эмес жол кырсыктары да, ошол эле жерден чоң пикир келишпестиктерге алып келип жаткандыгы  көбүрөөк кездешүүдө.

Ушундан улам мамлекет тарабынан жол кырсыктарынан келип чыккан пикир келишпестиктерден жарандарды куткаруу максатында жана талаш-тартыштарды  заманбап  иретке келтирүү менен бирге,  Жол Транспорттук  Окуялардан келип чыккан чыгымдарды материалдык жактан минималдык калыбына келтирүүгө кепилдик берүү жагы  каралган.

Мыйзамдын негизги максаттарынын бири - жол траспорттук окуялардан жабыркагандардын кызыкчылыгын коргоо жана алардын автотранспорттук каражаттарын эксплуатациялоодо келтирилген зыянды калыбына келтирүү укугун коргоо болуп саналат.

ОСАГОнун плюстары ар бирибиз үчүн

Ар дайым эрежени бузгандарда, этияттап айдоонун экономикалык кызыкчылыгы жана жол кыймылынын коопсуздугунун жогорулашы пайда болот. Анткени, айдоочу канчалык көп жолу Жол Транспорттук Окуялардын күнөөкөрү болсо, ошончолук ал ОСАГО полиси үчүн төлөөгө мажбур болот.

Эгерде ОСАГО полиси бар болсо, Жол Транспорттук Окуяларга кабылган кезде, кандай максималдуу сумма төлөнөт?

Камсыздандыруу компаниясынын камсыздандыруу жоопкерчилигинин максималдуу лимити камсыздандыруу алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

Эгерде камсыздандыруу жагдайы түзүлсө, реалдуу чыгымды төлөп берүү, канчалык дэңгээлде зыян келгенине карата, бирок камсыздандыруу компаниясынын лимитинин жоопкерчилигинин чегинде төлөнөт.

ОСАГО полисинин наркы канча?

Камсыздандыруу тарифтери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

ОСАГО боюнча кардарлардын суроо-жооптору:
  • Жол транспорт кырсыгынын себепкери мен болсом, менин автоунаам калыбына келтирилип берилеби?

Жок. ОСАГОго байланыштуу Сиз өзүңүздүн жоопкерчилигиңизди үчүнчү тараптардын алдында коргоп каласыз, бирок өзүңүздүн автоунааңызды эмес. Эгерде күнөөкөр Сиз болсоңуз - камсыздандыруу компаниясы жабыркагандардын чыгымын калыбына келтирүүгө жардам берет, бирок сизге эмес. Ал эми автоунааңызды өзүңүздүн эсебиңизден оңдоп-түзөөгө туура келет. ОСАГОнун мыйзамы ушундай. Бирок, биз Сизге жол кырсыгына күнөөлүү же күнөөлүү эмес экениңизге карабай өзүңүздүң автоунаңызды ыктыярдуу камсыздоону сунуштайбыз. Бул – КАСКО.

  • Эмне үчүн мынча кымбат (арзан), эмне үчүн ушундай сумма?

Камсыздандыруу сыйлыгы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен тарифтик ставкалар жана камсыздандыруу суммасына (жоопкерчилик лимитине) жараша болот.

  • Эгерде мен ОСАГО сатып албасам эмне болот?

Кыргызстандын автоунаа ээлеринде ОСАГО камсыздандыруу полиси 2016-жылдын  7–февралынан баштап милдеттүү жана анын түп нускасын автоунаанын тийиштүү документтери менен (техникалык паспорт, айдоочунун күбөлүгү, ишеним кат, салыкты төлөгөнү боюнча талон) чогуу болуусу керек.

  • Эмне үчүн камсыздандыруу суммасына лимит киргизилген?

Камсыздандыруу жоопкерчилигинин максималдуу лимити жана сублимити Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

  • Эгерде камсыздандыруу лимити келтирилген зыянды жаппай калсачы?

Эгерде Жол Транспорт Кырсыгында жабырлануучу Сиз болсоңуз, ал эми күнөөкөр тараптын камсыздандыруу суммасы келтирилген зыянды калбыбына келтирүүгө жетиштүү эмес болсо, анда калган сумманы Жол Транспорт Кырсыгына күнөөкөр тарап өз каржатынан калыбына келтирип берүүгө тийиш. Мындай кырдаалдарда Сизге КАСКО камсыздандыруу полиси жардам бере алат. Эгерде аталган полис колуңузда болсо, Сиз автоунааңызды оңдоп-түзөөгө кеткен чыгымды жабууга мүмкүндүк аласыз.

Эгерде Сиз Жол Транспорт Кырсыгына күнөөкөр болсоңуз жана ОСАГО полисиңиздеги камсыздандыруу суммасы келтирилген чыгымды жабууга жетпесе, жетпеген сумманы өзүңүз төлөп берүүгө мажбур болосуз. Дал ушундай кырдаалдар үчүн ДСАГО полиси бар. Ал камсыздандыруу суммасынын лимитин Сиз каалагандай өлчөмдө бекитип алууга мүмкүндүк берет.

Эмне үчүн бизди тандашыңыз керек:
  • ”Ингосстрах” камсыздандыруу рыногунда 22 жылдан бери иш алып баруудагы;
  • ”Ингосстрах” жыл сайын башка камсыздандыруу компанияларынын арасынан Лидер катары таанылууда;
  • ”Ингосстрах” камсыздандыруу төлөмдөрүн кыска мөөнөттө жүргүзөт.

 

 

*ОСАГОнун эсепкери менен эсептөөлөр болжолдуу түрдө экендигине көнул бурууңуздарды суранабыз, анткени тарифтер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитиле элек.

ОСАГО

Чектелген эмес
1
2
3 4
- Жаш курагы/ айдоочулук тажрыйбасы
- Жаш курагы/ айдоочулук тажрыйбасы
- Жаш курагы/ айдоочулук тажрыйбасы
- Жаш курагы/ айдоочулук тажрыйбасы
  • Базалык тариф: 1 680 сом
  • Транспорт каражатынын тиби боюнча коэффициент:
  • Жаш курагына жана айдоочулук тажрыйбасына жараша коэффициент:
  • Налог с продаж 3% (НсП): Сом
Төлөп берүүгө сыйлык
0 Сом