+996 (312) 61 46 34
+996 (312) 98 67 68
+996 (558) 98 67 68
+996 (701) 98 67 68
+996 (777) 98 67 68
+996 (312) 61 45 88

  • Камсызданды- руу эсепкери
  • Кырсык учурунда комиссарды чакыруу
  • Камсыздандыруу агентини чакыруу
  • Камсыздандыруу агентердин реестри
  • Каттоо реестринин полиси

Т

Таза кармап калуу - кайра камсыздоочу кабыл алынган камсыздандыруу же кайра камсыздандыруу боюнча өз коркунучунда кармап турган кайра камсыздандыруучу макулдашылган үлүшүн кайра камсыздандырууга же ретроцессияга бергенден кийинки жоопкерчилик суммасы.

Таза сыйлык – эсеп боюнча бир гана камсыздандыруунун ордун толтурууга же башкача айтканда камсыздандыруунун өздүк наркын гана аныктоочу тарифтик сыйлыгынын же жалпы сыйлыктын бөлүгү.

Тантьема - пайдадан комиссия. Тантьема жыл сайын таза кирешенин суммасынан аныкталган пайызда кайра камсыздандыруучу өзү катышканкайра камсыздандыруу келишимдеринен өтүүдөн улам тапкан пайдадан төлөнөт.

Тарифтик колдонмо - камсыздандыруу келишимин түзгөндө камсыздандыруучу колдонгон тарифтердин системалык көргөзмөсү.

Тарифтик ставка - камсыздандыруу тобокелчилигинин баасы. Камсыздандыруу суммасынан абсолюттук акча түрүндө пайыздарда же промилледе аныкталган убакыт мезгилиндеги ( камсыздандыруу мөөнөтү) жалпы ставкасы. Жалпы ставка бул актуардык жол менен эсептелген таза ставкасы жана кошумча күч келүү. Таза ставка камсыздоочунун камсыздандыруу фондунан төлөп берген чыгашаларын чагылдырат ; күч келүү-камсыздоочунун ишти алып баруу үчүн кеткен чыгымдары;камсыздандыруу агенттеринин жана брокерлердин ортомчулук кызматтарына төлөө (комиссиялык сый акылар) камсыздандыруунун ишке ашырууда салынган киреше жана башка чыгымдар.

Тобокелчилик - болушу мүмкүн болгон кокустук, бирок сөзсүз түрдө болушу керек эмес жана көзөмөлдөөгө мүмкүн болгон жерде жайгашкан:

Тобокелчилик сыйлыгы - камсыздандырууда сыйлыкты эки бөлүккө бөлүү кабыл алынган. Негизги бөлүгү камсыздандыруу боюнча калыбына келтирүү суммаларын төлөө үчүн камсыздандыруу компаниясынын тобокелчиликтерине байланыштуу жана тобокелчилик сыйлыгы деп аталганзарыл болгон фондту түзүүгө жумшалат. Тобокелчилик сыйлыгына кошумчалар чукул кырдаалдардан улам жаралган чыгашаларда резервдерди түзүүгө жана ишти алып баруудагы чыгашаларды жабуу үчүн кызмат кылат.

Тобокелчиликти цедировкалоо – мааниси Цессия.

Тобокелчиликтин жагдайлары - ушу тобокелчиликтердин жыйындысы үчүн тобокелчиликтерди каттоону аныктаган факторлор. Т.ж. камсыздоочу тарабынан анализделген тобокелчиликтерди ишке ашыруунун (таркатуунун) шарттары. Т.ж.нын негизинде тариф аныкталат.

Толук эмес камсыздандыруу - камсыздандыруу кызыкчылыгы анын анык наркынан төмөн. Эгерде камсыздандыруу полиси коркунучта турганкызыкчылыктын анык баасынан төмөн суммага берилсе, коркунуч толук эмес камсыздандырылган болуп эсептелет. Мындай жагдайда өзүнүн чыныгы баасына жараша, кызыкчылык камсыздандырылышы керек болгондо,камсыздандыруу суммасы менен полис боюнча сумманын айрмачылыгы камсыздандыруучунун жоопкерчилигинде болот.