+996 (312) 61 46 34
+996 (312) 98 67 68
+996 (558) 98 67 68
+996 (701) 98 67 68
+996 (777) 98 67 68
+996 (312) 61 45 88

  • Камсызданды- руу эсепкери
  • Кырсык учурунда комиссарды чакыруу
  • Камсыздандыруу агентини чакыруу
  • Камсыздандыруу агентердин реестри
  • Каттоо реестринин полиси

Турак жайларды камсыздоо

 

 

 

 

 

 

 

 

Полис эмне үчүн керек?

Ар бир адамда өзүнүн коопсуздугуна болгон талап бар. Көптөгөн адамдар үчүн жеке турак жай – бул коопсуздуктун кепили, жеке “чеби” жана үй-бүлөлүк очоктун куту сакталган ыйык жай.

Бирок азыркы заманбап мезгилде да биздин үйлөрүбүздү көптөгөгөн коркунучтар курчап турат. Ал эми жеке турак жайдын наркы арзан эмес. Ошондуктан күтүлбөгөн чыгашалардан тышкары болуунун ишенимдүу жана үнөмдүү жолу бул - турак жайды камсыздандыруу келишимин түзүү.

Эмнелер камсыздандырылышы мүмкүн?
  • батир;
  • үй;
  • шаар тибиндеги үй (таунхаус);
  • жер үлүшүндөгү баардык курулуштар.
Кандай коркунучтардан турак жайлардын коопсуздоого болот:

Өрттөн;

Жаратылыш кырсыктарынан;

Суу түтүктөрүнөн, канализациядан, жылытуу системасынан, өрт өчүрүү системасынан жана кондиционерден, суу чыгып зыян келгенде, ошондой эле кошуналардын батиринен суу агып зыян келтирген учурда;

Буу казандарынын, газды сактоочу жайлардын, газ түтүктөрүнүн, машиналардын, аппараттардын жана ушул сыяктуу жабдыктардын жарылуусунан;

Карактоо, мыйзамсыз кирүү жана тоноодон;

Терезелердин айнектерин, күзгүлөрдү жана витриналарды сынуудан;

Кимдир бирөөлөрдүн карасанатайлык аракеттеринен;

Камсыздандырылган турак жайга учуучу объектилердин жана алардын калдыктарынын кулап түшүүсүнөн;

Жер үстүндөгү транспорт каражаттарынын коюп кетүүсүнөн жана сууда жүрүүчү транспорттордун басып калуусунан.

Турак жайларды камсыздоону комплекстүү же объектилер боюнча жүргүзүү мүмкүнчүлүгү:
  • Кармап турган конструкциялар (дубалдар, ортоңку дубалдар, чатыр ж.б.у.с.);
  • Имараттын ички жасалгаларын (дубалдардын жасалгасы, полдун жана шыптын жасалгасы, орнотулган шкафтар, каминдер, печкалар, терезелер жана эшиктер) жана инженердик жабдыктарды (сырткы жана ички электр, суу, газ менен камсыз кылуу системаларын, канализация, жылытуу, үйлөтүү жана мээлиндетүү);
  • Кыймылдуу мүлктөр (эмеректер, аппаратура, жекече мүлктөр, өзгөчө баалуу буюмдар, ж.б.у.с. нерселер да мүлктү (кыймылсыз мүлктү) камсыздоо келишимине киргизилиши мүмкүн.
Полис алуунун 3 себеби:
  1. Мүмкүн болгон чыгашаларды компенсациялоо:

Эгерде камсыздандыруу алкагында Сиздин батириңиз же анын ичиндеги мүлкүңүз зыянга учураса – биз Сизге акчалай компенсация беребиз, ал өз кезегинде Сизге турак жайынызды калыбына келтирүүгө кеткен чыгашаларды абдан азайтууга жардам берет.

  1. Үйсүз калбайын десеңиз:

Эгерде Сиз өзүңүздүн батириңизди толук түрдө реалдуу баага (конструктивтүү элементтерди эске алуу менен) камсыздандырган болсоңуз, анда камсыздандыруу алкагында батириңиз жараксыз деп табылса, Сиз өзүңүздүн батириңизге шайкеш келген башка батир алуу үчүн акча каражаттарын аласыз.

  1. Камсыздандыруунун пайдалуу шарттары:

Камсыздандыруунун ар кандай варианттары жана арзандатуулардын системасы, Сизге өзүңүздүн жекече камсыздандыруу полисин түзүп алууга  мүмкүндүк берет.

 Эмне үчүн бизди тандашыңыз керек:
  • ”Ингосстрах” камсыздандыруу рыногунда 22 жылдан бери иш алып баруудагы;
  • ”Ингосстрах” жыл сайын башка камсыздандыруу компанияларынын арасынан Лидер катары таанылууда;
  • ”Ингосстрах” камсыздандыруу төлөмдөрүн кыска мөөнөттө жүргүзөт.
Кошумча сунуш кылабыз:
  • Жашоо үчүн ыңгайлашкан турак жай ээлеринин жоопкерчилигин камсыздоо. Сиздин үйүңүздөгү күтүлбөгөн авариялык абал, үчүнчү жактардын (кошуналардын) мүлкүнө, жашоосуна, ден – соолугуна зыян келтирип, алар Сизден компенсация талап кылууга акылуу болот. Сиз аталган маселени, өзүңүздүн жарандык жоопкерчилигиңизди камсыздоо аркылуу чечсеңиз болот. Мындай кырдаалда “Ингосстрах” Сиздин күнөөңүздөн улам кошуналарыңыздын мүлкүнө келтирилген чыгашаларды калыбына келтирип берет. Ал өз кезегинде полистин наркынан алда канча жогору болушу мүмкүн.
Бул полисинин наркы канча?

Биздин адистер, төмөнкү телефондор аркылуу, Сиздерге кеңири кеңештерди берүүгө жана камсыздандыруу полисинин наркын эсептеп берүүгө ар качан даяр:

  • +996 (312) 98 67 68
  • +996 (558) 98 67 68
  • +996 (701) 98 67 68
  • +996 (777) 98 67 68
  • +996 (312) 61 45 88
  • +996 (312) 61 46 34

 

Же болбосо төмөндөгү форманы толтуруу менен биздин адистин сизге телефон чалуусун тапшырык кылсаңыздар болот: